2022-жылдын 22-апрелинде Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында Тогуз-Торо FM коомдук радиостанциясынын ачылышы болду. Ачылышка КР коомдук медиа ассоциациясынын, райондук администрациялардын жана райондук кеңештердин, Deutsche Welle академиясынын, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун жана “Журналисттер” коомдук бирикемесинин өкүлдөрү катышты. Радиостанцияны «Журналисттер» КБ “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында Deutsche Welle академиясы жана “Сорос-Кыргызстан” Фонду каржылады.

Айыл өкмөтү акысыз жана узак мөөнөттүү негизде жай берди, чатырын жана имаратты толугу менен оңдоду. Олжотоев Марлис Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы райондо жеке радионун ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени Тогуз-Торо – өлкөнүн эң алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунун бири жана жеке радиостанция коомчулук үчүн маалыматка жетүү жана айылдагы көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүгү. “Биз команданы андан ары колдойбуз жана программаны бирге жасайбыз, бизди өнүктүрүүчү, багыттарды жана баалуулуктарды берүүчү контент керек. Биз ошондой эле райондо эмне болуп жатканы тууралуу айтуу үчүн район боюнча сапарларды колдойбуз” – деп айтат айыл өкмөтү.

Айзада Калканбекова жана Самар кызы Зыйнат, ФМ радиону ишке киргизүүнүн алдында радиостанциянын командасы үчүн семинар өткөрдү. “Биз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, ыктырчыларды, радионун келечектеги кызматкерлерин чакырдык, техниканы кантип пайдаланууну үйрөттүк, техникалык коопсуздук жөнүндө айтып бердик, берүү торчосун коомчулуктун муктаждыктарынын негизинде даярдадык. Ден соолук, айылдардагы жаңылыктар тууралуу программалар болот. Радионун коомдук уюткусу – кесипкөй эмес журналисттер, бирок бул маалыматты бийликке чейин жеткирүүсү жана алар менен бирге айылдагы жалпы көйгөйлөрдү, жергиликтүү бюджетти чогуу талкуулоо үчүн калктын мүмкүнчүлүгү, ошондуктан райадминистрациянын, райкеңештин жана айыл өкмөтүнүн радиостанция менен кызматташуусу абдан маанилүү” – деп бөлүшөт Айзада Калканбекова.

Радиостанциянын директору Анара Мааметова көптөгөн семинарларды, тренингдерди өтүү жана мультимедиалык борборду өркүндөтүүдө ийгиликтүү иштеди, анын базасында радиостанция ачылды. Ал ошондой эле айылда китепканачы болуп иштейт. “Бүгүн мен үчүн абдан маанилүү күн, борбордун көп жылдык ишинин үзүрү. Биз ар түрдүү адамдар – балдар, кары-картаңдар, жаштар менен жолугуштук. Жаңы радиопрограммалар үчүн негиз болуучу идеяларды талкууладык, мындай жол менен биз радиого контент жасайбыз”.

Билимбай Тойгонбай уулу ачылышта көп жыл мурда окуучу кезинде радио тууралуу кыялданганын айтты, мына анын кыялы жүзөгө ашты. “Мен Клооп мектебинде окудум, борборго бардым жана кыргыз радиосунда такшалдым, эми биз жаңы диджейлерди даярдап, айылдыктарга абдан жакшы маанай тартуулайбыз”. Раиса Акылтай кызы,
10-класстын окуучусу радионун ачылышын бир жыл күткөн жана программа алып барууга жана жаңылыктарды жазууга даярданууда.

Тогуз-Торо FM радиостанциясы ачылганга чейин айылдыктар Сары-Бурун коомдук мультимедиалык борбору катары иштешкен. Жаңылыктарды радиорупор аркылуу билдиришип, kyrgyzmedia.kg сайтына жарыялап турушкан. Алар өздөрүнүн активдүүлүгүн жана кызыгуусун көрсөткөндөн кийин Коомдук ЖМКлар ассоциациясы Deutsche Welle академиясына каржылоо тууралуу кайрылышкан.

“Коомдук ЖМКлар ассоциациясы радиотехника берүүгө жана орнотууга уруксат документтерин алуу менен алектенген. Бизге жергиликтүү бийлик дагы абдан жардам берди. Эми бул радио Тогуз-Торо районундагы биринчи электрондук ЖМК болуп саналат. Бул райондо жергиликтүү радиостанция жок, райондук гезит иштейт. Жергиликтүү эл жана жергиликтүү бийлик өздөрүнүн коомдук радиосунун болушуна абдан кызыкдар” – дейт Назира Джусупова, Коомдук ЖМКлар ассоциациясынын жетекчиси.

Өткөн жылдын октябрынан тартып “Сорос-Кыргызстан” Фонду “Журналисттер” КБ менен бирге “Сөз эркиндигинин медиакербенин” уюштурган. Ар түрдүү медиа уюмдарынын өкүлдөрү 7 областка барышты , ошондой эле жергиликтүү журналисттер жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Медиаэксперт Алмаз Исманов кербендин жыйынтыгы боюнча өз аналитикалык материалында “көз карандысыз журналистика региондордо жок болуу чегинде турат. Чыныгы иштеген көз карандысыз медианы кол менен саноого болот” деген тыянак жасайт.

“Бул фондо, алыскы региондо радиостанцияны ишке киргизүүнү колдоо тууралуу Ассоциациядан суроо-талап келгенде, биз дароо жооп кайтардык жана сөз эркиндиги медиа кербенинин Тогуз-Тородо радионун ачылышы менен аяктагандыгы абдан символикалуу”, – дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун “ЖМКларды өнүктүрүү” программасынын директору Тынымгуль Эшиева. Ачылышка «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кызматкерлери соцтармактын колдонуучулары жана медиауюмдар чогулткан китептерди да алып келишти.

2019-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фонду IREX CA менен биргеликте Коомдук медиа ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн подкасттарды уюштурган жана демилгенин натыйжасында бир нече подкасттар кыргыз тилинде жаыряланган – “Таберик” Айзада Калканбекова – кыргыздардын каада-салттары, “Кел баарлашалы” Гулназ Камбаралиева – айылдагы аялдардын тагдыры, Гүлбарчын Мамытбекова “Айылга арналган өмүр” – айылдык мугалимдин турмушу тууралуу. Ошентип, коомдук медианын мүчөлөрү подкастттын форматтарын да өздөштүрүүдө. Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаада коомдук медианын жетекчиси Гульназ Камбаралиева подкасттарды чыгарууну улантууда жана “Токой тили” жаңы долбоорун даярдоодо, ал айылдагы экология көйгөйүн көтөрөт.

Ар бир коомдук медиа өз өзгөчөлүгүнө ээ, кээ бири айыл өкмөтүнүн базасында, кээ бири мектеп базасында түзүлүүдө. Ооган-Талааны алсак, бул мектеп – жергиликтүү тургундар үчүн байланышуу жайы, жаңылыктар радирупор аркылуу окулат, окуучулар радио ишин гана эмес, мултимедиалык контент даярдаганды да үйрөнүшөт.

Коомдук ЖМКлар ассоциациясы 2013-жылы негизделген. Коомдук ЖМКлар ассоциациясы – бул коомдук радио жана коомдук мультимедиалык борбор. Бул ЖМКлардын максаттуу аудиториясы – салттуу ЖМКларга жана интернетке жетүү жок болгон бир нече айылдын тургундары. Мындай айылдардын тургундары үчүн коомдук медиа – жергиликтүү окуялар тууралуу билүү жана айыл деңгээлиндеги коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык процесстерге карата өз пикирин айтышат. Эң башкысы – бул жергиликтүү эл менен жергиликтүү бийлик үчүн баарлашуу аянты болуп саналат. Коомдук медиа маалыматка жетүүнү кеңейтүү аркылуу маалыматтык саясаттын маанилүү катышуучусу жана жергиликтүү бийликтин ачык-айкындуулугун жанат отчеттуулугун жакшыртууда жергиликтүү элге аларды чечүүгө таасир этүүгө жардамдашуу менен активдүү оюнчу катары чыгууда. Бүгүн Кыргызстанда эки коомдук форматтагы медиа иштейт: радио жана мульти-медиаборборлор. Бүгүнкү күндө 3 коомдук радио жана 27 коомдук мульти-медиаборбор иш алып барат.

Областтын борбордон жана борбор шаардан алыстыгына карабастан, коомдук медианын бардык иши материалды даярдоодон тартып аны жарыялаганга чейин заманбап мобилдик технологиялар менен байланышкан. Башкача айтканда, алар натыйжалуу принцип менен иштейт: “Бир интерфейс – коммуникациянын көптөгөн каналдары”.

Негизинен коомдук медиаборбор иштеп жаткан БӨУ өз алдында ачылат, же болбосо борбордун алдында жаңы БӨУ атайын түзүлөт жана катталат, же болбосо борбор жамаат катары иш алып барат. Кандай болбосун коомдук медиаборбор юридикалык стутуска ээ жана гранттык долбоорлор менен алынган жабдуулар катталган уюмдун баласына өткөрүп берилет, ар бир борбордо КМБ жетекчиси (координатор) жана Кеңеши бар, алар КМБ жалпы чогулушунда шайланат. Тактап айтканда, айылдын ар бир жашоочусу: КМБ жетекчиси, Кеңештин мүчөсү, айылдык корреспондент боло алышат же борбордун өнүгүшүнө жөн гана жардамдашат. Алардын баары ыктыярдуу негизде иштешет.

Азыркы убакта kyrgyzmedia.kg интернет-порталына тексттерди, фото, видео, аудио колдонуу менен маалыматтык материалдарды чыгаруу уюштурулууда. Бул Кыргызстандагы бардык коомдук ЖМКлар үчүн бирдиктүү сайт. Коомдук ЖМКлардын туруктуулугун камсыздоо боюнча ЮНЕСКО кабыл алган сунуштамаларга ылайык, юридикалык таанууну, лицензиялоого адилеттүү жетүүнү, каржылоонун туруктуу булактарын жана санариптик технологиялар менен байланышкан маселелерди кароого тартууну кошуп алганда, алардын узак мөөнөттүү жөндөмдүүлүгүн колдоочу саясаттын жана стратегиялардын жардамы менен кеңейтилүүгө тийиш.