«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Журналисттер» коомдук бирикмесини, анын өкүлдөрү Марс Тулегенов менен Марат Токоев акыркы төрт жылдан бери өлкөнүн медиа тармагын өнүктүрүү үчүн, өзгөчө аймактык журналисттер менен бирге маанилүү иштерди аткарып келишет.

«Журналисттер» коомдук бирикмеси аймактык массалык маалымат каражаттарынын көйгөйлөрүнө чоң көңүл буруп, аларды чечүүгө көмөктөшкөн саналуу уюмдардын бири болуп эсептелет. Биргелешкен аракеттер менен «Журналисттер» уюмунун командасы акыркы жылдары медиа уюмдар менен жолугушууларды, журналистика боюнча онлайн семинарларды, ошондой эле иликтөөлөрдү, медиа эркиндиги боюнча карикатуралык сынактарды уюштуруп, COVID-19 жана шайлоо учурунда журналисттерге чоң жардам көрсөтүүдө. Мындан тышкары, алар Ош шаарында өткөн аймактык форумга колдоо көрсөтүп, 2021-жылы баткендик журналисттерге ресурстук колдоо көрсөтүнүн алкагында, мобилдик журналистика үчүн жабдууларды сатып алуу жана ассоциациянын кийинки окууларына колдоо көрсөтүшкөн. Ошондой эле биздин өнөктөштөрдүн аракети менен кыргыз журналистикасынын абалы боюнча көптөгөн ММК маалымат жана билим материалдары жарык көрдү.

Көпчүлүк медиа уюмдары негизинен Бишкекте жайгашкандыгы, аймактык журналисттер үчүн алардын эксперттик жана юридикалык кызматтарына жетүүнү кыйындатат. Бул көйгөйдү чечүү чараларынын бири катары “Медиакербен” – медиа-эксперттер тобунун өлкөнүн бардык аймактарына сапары жана жергиликтүү журналисттер жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу чечими кабыл алынган. Ошентип, «Медиакербен» аймактык журналисттерге эксперттик кеңештерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берди. Ошол эле учурда уюм өзү көйгөйгө тереңдеп киришип, ар бир региондо сапаттуу жарандык журналистиканы өнүктүрүүнүн учурдагы багыттарын аныктады. Ар бир сапардан кийин “Журналисттер” уюмунун командасы https://journalist.kg/ сайтында жеткиликтүү жыйынтыктоочу аналитикалык материалдарды даярдап, аймактагы журналисттерге сунушташат.

Марс Тулегеновго жана Марат Токоевге аткарылган иштери, тактап айтканда, облустук массалык маалымат каражаттарынын потенциалын чыңдоо миссиясына берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.