2022-жылдын 9-июнунда «Сорос-Кыргызстан» фонду, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) республика боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык жактан кеңейтүү үчүн «118 тынымсыз байланыш» кызматын жалпы суммасы 1,9 млн сомго жаңы жабдуулар менен камсыз кылат. Эми COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн бул кызмат өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, телефон аркылуу алгачкы медициналык кеңештерди берет.

Комплекстүү жардам «118 тынымсыз байланыш» кызматын зарыл техника (компьютер жабдуулары, монитор, Wi-Fi роутер, смартфон, лицензиясы бар программалык камсыздоо, көп функционаджуу түзүлүштөр) менен толук жабдууну, ошондой эле адистердин тобун даярдоодо жана ишти системалаштырууда консультациялык колдоо көрсөтүү, анын ичинде тренингдер, мониторинг жана процесстерди колдоону камтыйт. Мындан тышкары, эл аралык донорлор 2022-жылдын аягына чейин 15 оператордун (региондордо 7 оператор жана Бишкек шаарында 8 оператор) эмгек акы фондун колдоого каражат бөлөт. Зарыл болгон учурда кошумча операторлор тартылат.

«Биздин БУУ жана KOICA өнөктөштөрүбүз тарабынан бөлүнгөн финансылык жардам үчүн биз сунуштоочулар арасында тендер өткөрүп, эң жакшы шарттарды таптык, натыйжада акча олуттуу үнөмдөлдү. Ошентип, биз 6 кошумча жабдууну сатып алдык, бул бизге өлкөнүн бардык 7 областында, ошондой эле Бишкек шаарында иштөөгө мүмкүндүк берет», — дейт «Сорос-Кыргызстан»  фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков.

Буга чейин аталган демилгени ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы жана «Сорос-Кыргызстан»  фонду «Маалыматтарга негизделген 118 тынымсыз байланыш аркылуу COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо» долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан, ага ылайык мамлекет «118 тынымсыз байланыш» кызматын кайра түзүү үчүн кайтарымсыз финансылык жана техникалык  жардам алат.

Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Джонгсу Ли белгилегендей: «KOICA COVID-19 пандемиясынан улам курчуп кеткен теңсиздикти жоюу жана Кыргыз Республикасындагы аярлуу топко колдоо көрсөтүү үчүн өнөктөш уюмдарды колдоону кеңейтти».

«118 тынымсыз байланыш» кызматы толук ишке киргендей кийин элге консультациялык жардам кеңири түрдө жеткиликтүү болот, анын ичинде:

  • Алгачкы медициналык-санитардык уюмдарга «118 тынымсыз байланыш», интернет-байланыш же почта аркылуу келип түшкөн кайрылууларды/чалууларды кабыл алуу;
  • Bitrix системасынын маалыматтар базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын/чалууларын каттоо;
  • Бейтаптар сурап жаткан COVID-19 жана башка ооруларга (гипертония оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум боюнча чаралар) байланыштуу маалымат берүү, соматикалык оорулар боюнча алгачкы консультация берүү, белгиленген форма боюнча эпиданамнезди чогултуу, электрондук анкетаны толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш графиги боюнча жумушка тийиштүү маалымат берүү;
  • * Бейтаптын абалына он-лайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана бейтаптын тактикасын чечкен көчмө амбулатордук кызматка же үй-бүлөлүк дарыгерге маалымат берүү: өзүн-өзү изоляциялоо, көчмө амбулатордук кызматты жөнөтүү же кайрылуу себебине жараша адиске кайрылуу;
  • Мобилдик командалардын чыгуусу боюнча кайрылуулардын өз убагында каралышын контролдоону камсыз кылуу ж. б.