Достор!

Биздин команда «Эркин Ойчул» кыргыз тилиндеги жаңы медиадолбоорду ишке киргизет.
28 жыл ичинде биздин фонд көптөгөн социалдык багыттагы жана пайдалуу долбоорлорду колдоп келди, алар жарандардын аң-сезиминин жана Кыргызстандын демократиялык жактан өсүү деңгээлине таасирин тийгизди.

Бул жетишкендиктер бизге жана жалпы өлкөгө эмне үчүн керек? Алар эмне үчүн маанилүү жана кыргызстандыктар алардан кантип пайда алышат?

«Эркин Ойчул» долбоору ар түрдүү чөйрөдөгү коноктор жана эксперттер менен биргеликте талкуулоо жана ой-жүгүртүү аркылуу бул жана башка суроолорго жооп берүүгө багытталган. Мисалы, долбоордун бул пилоттук чыгарылышында өз талкуубузду өлкөдөгү сөз эркиндигине арнадык. Ар түрдүү мезгилде жүргүзүлгөн көз карандысыз изилдөөлөргө ылайык, сөз эркиндиги Кыргыз Республикасынын эң башкы жетишкендиктеринин бири болуп саналат.

Программанын коноктору:
Назира Айтбекова – киноактриса, телеалып баруучу, блогер
Улан Усеин – жарандык активист, «Баштан Башта» элдик кыймылынын лидери
Эмиль Джураев – «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Демократиялык башкаруу» программасынын директору

Алып баруучу:
Алия Суранова