Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду  биринчи жолу Баткен областында  жарандык жаш активисттерди колдоо максатында  “Жарандык жаш активисттердин – КЭМП жүрүшүн” уюштурат.  Бул көчмө КЭМП жүрүшү 15-17 август күндөрү “Сорос-Кыргызстан” Фонудун колдоосу менен бир катар табият койнундагы экскурсиялар менен коштолот.

КЭМПтин эң негизги максаты: Жаштарды  жарандык активдүүлүккө тиешелүү инновациялык инструменттер  менен тааныштыруу жана социалдык тармактар, мобилдик  башка колдонмолор аркылуу коомдук пикирди өзгөртүүнү үйрөтүү. «Натыйжада биз жоопкерчиликтүү, өзүнө ишенген жана шыктандырган жарандык лидерлердин жаңы муунун даярдоону көздөп жатабыз», — дейт «Инсан Лейлек» коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Дербишева.

Ошондой эле Фонд Баткен областында жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүүгө жарандык коомчулукту көбүрөөк тартуу, секторлор аралык ишенимди жаратуу жана  жарандык тармакка тиешелүү демилгелерди жайылтуу  багытында  мамлекеттик эмес уюмдар үчүн мобилдүү “Элеткана” көп тармактуу платформасын түздү.

Алдыда боло турган КЭМП “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду тарабынан 2022-жылдын 1-июнунда башталган “Баткен областындагы жарандык коомчулук жергиликтүү бийлик менен сектор аралык кызматташуу боюнча конструктивдүү диалог курууну жүргүзүү үчүн фасилитатор”  долбоорунун кийинки этабы болуп саналат. Бул долбоор алкагында “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду жарандык коомчулук менен мамлекеттик бийлик органдары ортосундагы биргелешкен төмөнкүдөй механизмдерди чечүүнү пландаштырат: Баткен областындагы приоритеттүү деп саналган муктаждыктарды чечүү, жарандык коомчулуктун жергиликтүү жамааттардын инновациялык потенциалын жогорулатуу жана жаш муундагы жарандык активисттердин креативдик жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат.