Май, июнь айында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда эмгектенген журналисттер менен жарандык активисттер жалган маалыматты аныктоо, фактчекинг жана ачык булактар менен иштөө боюнча атайын тренингден өтүшкөн.

Окутуудан кийин аталган аймактардагы катышуучулар фактчек боюнча материалдарды жасап башташты.

Беш ай аралыгында алар жалган маалыматтарды аныктоо, талдоо, манипуляцияны аныктоо боюнча алган билимдерин колдонуп, тендердеги мүчүлүштүктөр, социалдык тармакта тараган ишенимсиз маалыматтарды текшерип макалаларды даярдашты.

Мисалы алар Жалал-Абадда 16 млн сомго желек орнотуу боюнча жарыяланган тендерди ачыктап, Баткенде 3 млнго курулду делген даараткана боюнча маалыматты аныктап,  ички каттамда кымбаттаган авиабилеттер, аларды бир гана компания ишке ашыра турганы боюнча материалдарды жасашкан.

Окутуу май, июнь айларында үч аймакта оффлайн форматында өткөн.

Аталган облустардан 7ден катышуучу атайын толтурулган билдирменин негизинде тандалып алынган. Окутууну Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп «Сорос» Кыргызстан фондунун колдоосу менен ишке ашырууда.

«Аймактарда жалган маалыматтарды аныктоо, талдоо, манипуляцияны айырмалоо жокко эсе. Учурда борбордо саналуу гана ЖМКлар жалган маалыматты текшерүү, аныктоо боюнча алектенет», — дейт Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектептин жетекчиси Данияр Садиев.

Ал эми кыргыз тилдүү аудиторияда, социалдык тармактарда жалган, манипуляция маалыматтар күн сайын жайылууда. Мындан улам, аймактардагы окуяларды ошол региондогу ЖМКлар аркылуу туура, так жеткирүү  жана коомчулуктун маалыматты аныктап билүүсүнө көмөктөшүү, критикалык ой жүгүртүүсүн  жогорулатуу болуп саналат.

Долбоорго журналисттерден сырткары жарандык активисттер да тартылып, коомдогу кызматташтыктын таасирин жогорулатуу, аудиториянын сабаттуулугу, ошондой эле манипуляцияга жана жалган маалыматка каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүүнү ишке ашырууну көздөйт.

Тренингдин катышуучуларынын макалаларына жана материалдарына шилтемелер:

https://bit.ly/3esYMxk

https://bit.ly/3Rgzpx7

https://bit.ly/3eumFEs

https://bit.ly/3epllCW