Көңүл бургула! Алдамчылар!

Бизге келген маалыматтар боюнча “Сорос-Кыргызстан” фондунун атынан шылуундар бул постто көрсөтүлгөндөй жалган билдирүүлөрдү жөнөтүп жаткан учарлар пайда болуптур. Биз жарандардан жеке маалыматтарды сурабайбыз жана «ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө» эч кандай тиешебиз жок экенибизди расмий түрдө билдиребиз.

Сураныч, эч кандай шартта өзүңүздүн жеке маалыматыңызды чоочун адамдарга өздөрүн “Сорос-Кыргызстан” фондунун кызматкерлери катары көрсөтүшсө да бербеңиз.

Абайлаңыздар! Жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз.