28-сентябрда Эл аралык маалыматка жалпы жетүү күнү белгиленет. Бул күнү коомчулуктун жана инклюзиянын маалыматтык сабаттуулугунун маанилүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлөт. Маалымдалган жарандар негиздүү чечимдерди кабыл алат, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашоосуна толук кандуу катышат.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду өзү иштеген 29 жылдын аралыгында билимге ачык жетүүгө багытталган жана ар бирибиздин маалыматты эркин издөөгө, алууга жана жайылтууга болгон укугубузду камсыз кылуучу долбоорлорду колдоп келет.

Сиздерге тарыхтан тартып программалоо илимине чейинки багыттардагы ар түрдүү билим берүүчү ачык ресурстардын жана убакытты пайдалуу өткөрүүнү же окуу, окутуу жана ал тургай иш материалдары үчүн зарыл маалматтарга ээ болууну каалагандар үчүн улуттук аспаптарда ойноо сабактарынын топтолмолорун сунуш кылабыз.

1. http://okuma.kg
Кыргыз тилинде  билим берүүчү китептердин кеңири ачык электрондук китепканасы. Бул жерден сиз Кыргызстандын мектептеринин предметтери боюнча да, жогорку окуу жайларынын предметтери боюнча да билим берүү материалдарын таба аласыз. Долбоор Ош мамлекеттик университети менен биргеликте «Агартуу Академиясы» КФ тарабынан ишке ашырылды.

2. http://artmuseum.kg/
Онлайн көрүү, ошондой эле билим берүү максаттарына пайдалануу үчүн көчүрүү максатында
көркөм чыгармачыл экспонаттардын эң чоң коллекциясы – Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейининин коллекциясы.

3. http://ilimelim.kg
Кыргызстандын жождорунда программалоо боюнча кыргыз тилиндеги онлайн-видероликтердин китепканасы. Курстун авторлору өлкөнүн жетектөөчү университеттеринин окутутуучулары жана эксперттери болуп саналат. Долбоор БААУ окутуучулар жамааты тарабынан ишке ашырылды.

4. www.youtube.com/channel/UC79oAL9rxqtI-RNzAF116cQ/videos
4 улуттук аспапта ойноо техникасы боюнча кыргыз тилинде видео-сабактар: темир комуз, жыгач оозкомуз, чоор, сыбызгы. Канал «Устат шакирт плюс» КФ тарабынан колдоого алынат.

5. https://www.youtube.com/playlist?list=PL7D9VKOajnS0BZzd29HhX1z9wmJ7yKmZM
Кыргызстандын бүткүл тарыхы боюнча балдар жана чоңдор үчүн 20 видео-сабак. «Тентек» продакшн-тобу тарабынан ишке ашырылды.

6. https://drive.google.com/drive/folders/1hUdbqp9kmJFwAUD5Xxv04MUvKkkHiwR9
Информатика боюнча 5-6 жана 7-9-класстар үчүн бардык окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде, анын ичинде балдар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде Python программалоо тилин үйрөнүү боюнча китеп жана кыргыз тилинде GCFlearnfree Foundation тартып дээрлик бардык компьютердик технологияларды пайдалануу боюнча китеп.

7. https://www.youtube.com/channel/UCOyCF9DKcC7V2GAflPQZGzw/videos
Кыргызтсандын түштүгүндө чогултулган кошоктордун тексттерин пайдалануу менен видеороликтер. Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан ишке ашырылууда.

8. https://www.youtube.com/playlist?list=PL735lKtYrX1Viacq5CDOi8Sanz9HVjyLK
https://www.youtube.com/playlist?list=PL735lKtYrX1XgWra0PfR607h-FAO8deYU
Баштоочулар үчүн кыргыз тилинин видео-сабактар курсу. Кыргыз тил мугалими, кыргыз тилин үйрөнүү үчүн окуу куралдарынын автору Гульмира Дюшеева, «Jashtar Camp» AUCA TV уюмунун версиясы боюнча
2015-жылдын эң мыкты жаштар долбоорунан жана Tili.kg кыргыз тилин үйрөнүү үчүн популярдуу
онлайн-платформадан турган команда кыргыз тилинин сапаттуу курсун түзүү үчүн биригишти.

Бул курс түзүмдөлгөн видео-сабактардан турат, алар кыргыз тилинин базалык грамматикасын үйрөнүүгө, ошондой эле үйрөнүп жаткандардын сөз запасын көбөйтүүгө жана алардын сүйлөө речин жакшыртууга багытталган.