Бүгүн кыргызстандыктар мугалимдерди окуу жайларынын кызматкерлерин Дүйнөлүк мугалимдер күнү менен куттукташат. Бул күндү 1994-жылдан тартып дүйнөнүн 100 ашык өлкөсүндө майрамдашат. «Сорос-Кыргызстан» Фонду өз ишин баштагандан тартып эле билим берүү демилгелерин активдүү колдоп жана Кыргызстандын мугалимдеринин кесиптик өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү идеясын илгерилетип келет.

Өнөктөштөр, КР Билим берүү министрлиги жана билим берүү уюмдары менен кызматтыштыкта СКФ мугалимдер үчүн методологияларды жана окуу материалдарын өзгөчө өлкө боюнча көп тилдүү жана инклюзивдүү билим берүү багыттары боюнча иштеп чыгууну колдойт.

“Мамлекеттин жана жарандык коомдун бириккен күчү менен билим берүү чөйрөсүндө кесипкөйлөрдүн сапаттуу өсүүсүн жогорулата алабыз, аны камсыз кылуу үчүн финансылык, техникалык жана уюштуруучулук колдоонун шайкеш келген талаптары зарыл. Биздин фонд өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Билим берүү министрлигинин жана билим берүү уюмдарынын деңгээлинде кызматташуунун алкагында мындай колдоо көрсөтүүгө аракеттенет”, – деп белгилейт, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун билим берүү программасынын директору Валентин Дечман.

Кесиптик майрамдын урматына фонддун командасы инклюзивдүү билим берүү жана көп тилдүүлүк боюнча кызыктуу материалдардын тандалмаларын даярдады, ал мугалимдерге жана педогогдорго гана эмес, окуучулардын ата-энелерине да пайдалуу болот.

 

ИНКЛЮЗИЯ:

 

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК: