Бүгүн — журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазаланбагандык менен күрөшүүнүн эл аралык күнүндө «Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстанда ачык коом принциптерин жигердүү өнүктүргөндүгү үчүн медиа-коомчулугуна тереӊ ыраазычылык билдирет. Ошону менен бирге акыркы убакта сөз эркиндигине карата басым жана чабуулдардын жасалгандыгына байланыштуу кооптонуу орун алууда.

Жазаланбагандык журналисттердин жана активисттердин коркуусун жаратып, кылмышкерлерди шыктандырат, коомго терс таасирин тийгизип, демократияга каршы цензурага жол ачат.

Ушул өтө татаал мезгилде журналисттерге колдоо көрсөтүү жана басым менен чабуулдарга каршылык көрсөтүү үчүн медианын биримдиги маанилүү.

Көз карандысыз медиа, медиа уюмдарын грант аркылуу колдоп, биз сөз эркиндигин коргоо, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, журналистиканын стандарттарына үйрөтүү жана маанилүү темаларга карата сапаттуу контент түзүү боюнча иштерди улантабыз.

Медиа Полиси институтунун ишмердүүлүгүн колдоо алкагында Кыргызстандагы сөз эркиндигине каршы коркунучтарга көңүл буруу, жарандарга алардын ой-пикирлеринин эркиндиги укугу тууралуу маалымдоо, журналисттерди, айрым учурларда жарандык активисттерди соттордо кесипкөй укуктук коргоо менен камсыздоо аркылуу Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо боюнча иштер улантылууда.

Октябрь айында “Сорос-Кыргызстан” фонду Медиа Өнүгүү борборунун ишмердүүлүгүнө жана Factcheck.kg платформасына институттук колдоосун улантты. Долбоордун максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту жана маалыматтарды верификациялоо (текшерүү) куралдарын алдыга жылдыруу аркылуу медиа кесипкөйлөрүнүн потенциалын жогорулатуу. Платформанын ишмердүүлүгү төмөнкүлөргө багытталган: дезинформациянын бетин ачуу жана чындыкка төп келген маалыматтарды таратуу; медиа контентин сын көз караш менен баалоо механизмдерин калыптандыруу; медиа адистеринин, маалыматты верификациялоо (текшерүү) жана фактчекинг (фактыларды текшерүү) боюнча башка кызыккан адамдардын билими менен көндүмдөрүн өркүндөтүп жогорулатуу.

«Сорос-Кыргызстан» фонду кыргыз тилдүү редакциялардын потенциалын жогорулатуу, кыргыз тилиндеги Клооп Медианын контентин алдыга жылдыруу боюнча ишин, ПолитКлиниканын «Жертам» рубрикасынын алкагында аймактардын көйгөйлөрүн ачыкка чыгаруу боюнча долбоорлорду, МедиаХабдын «Алдаба» рубрикасынын алкагындагы журналисттик тергөөлөрдү, Т-Медиа аймактык басылмадагы фактчекингди колдоо боюнча иштерин улантууда.

2021-жылдан тартып, IDEA Борбордук Азия менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» фонду коомчулуктарды калыптандыруу, жаш медиа-активисттерди колдоо жана жарандык медиа арасында теӊдик, эркиндик жана адилеттик маселелери боюнча дискурсту кеӊейтүү аркылуу медиа активизм маданиятын алдыга жылдыруу жана социалдык жактан маанилүү контекстин түзүү боюнча иштерди жигердүү аткарууда.

24-октябрда кыргыз журналисти Алишер Саиповдун каза болгон күнүнүн 15 жылдыгын белгиледик. Бул күн журналисттердин иштери боюнча сот адилеттигинин маанилүү экендигин эскерткен күн болуп эсептелет. Эскерүү күнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов бардык жарандардын өз пикирин эркин билдирүүсүн жана маалыматка жетүүсүн камсыздоо үчүн журналисттерге каршы кылмыштардын жазасыздыгын токтотуу — эӊ эле маанилүү маселелердин бири болорун белгилеп өттү.

Чексиз репортёрлордун маалыматы боюнча 2022-жылдын январь айынан тартып 45 журналист жана 4 медиа кызматкери өлтүрүлгөн. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча киши өлтүргүчтөрдүн санынын ондон тогуз бөлүгү жазаланбайт. Журналисттердин көбү куралдуу кагылыштар орун албаган өлкөлөрдө өлтүрүлгөн: 2018-2019-жылдары куралдуу кагышуулар орун албаган өлкөлөрдө 89 журналист киши колдуу каза тапкан. Жазасыздык жаӊы өлтүрүүлөргө алып келет, укуктук жана соттук системалардын ортосундагы конфликтинин өөрчүшүнүн жана бул системалардын кулай тургандыгынын алгачкы белгиси болот. «Бүгүнкү күндө журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыздыктын деңгээли жогору бойдон калууда, жаӊы коркунучтар өнүгүүдө, биз болуп өткөн трагедиялар тууралуу унутпашыбыз жана мындай кылмыштардын бетин ачуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып турушубуз керек. Алишер Саиповдун каза болгондугунун 15 жылдыгы — биз үчүн мындай кейстерди ачыкка чыгаруунун жана сөз эркиндиги үчүн күрөштү улантуунун зарылдыгы тууралуу эскертүү».

Журналисттерди өлтүрүү боюнча ЮНЕСКОнун обсерваториясынын маалыматтары боюнча 2006-жылдан тартып 2020-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 1200 журналист өлтүрүлгөн, алардын арасынан ошол кылмыштардын ондон тогуз бөлүгү соттук тартипте ачылбаган бойдон калууда. Жазасыздык өлтүрүүлөрдүн санынын өсүшүнө алып келет жана мыйзам менен соттук тутумдун ортосундагы кагышуунун курчушунун жана алардын кыйрай тургандыгынын белгилери болуп эсептелет.

Жазасыздыктын кесепетин, өзгөчө журналисттерге каршы кылмыштарга карата жазасыздыкты эске алып, 2013-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 68-сессиясынын жүрүшүндө 68/163 резолюциясын кабыл алды. Бул резолюцияда 2-ноябрь күнү “Журналисттерге каршы кылмыштарга карата жазасыздыкты токтотуунун эл аралык күнү” болуп жарыяланды. Резолюцияда мүчө-мамлекеттер жазасыздыкка каршы күрөш боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө жигердүү чакырылат. Бул күн 2013-жылдын 2-ноябрында Мали мамлекетинде өлтүрүлгөн эки француз журналисттерди эскерүүгө байланыштуу тандалган.