Арстанбап айылында жайлоодогу аялдардын турмуш-тиричилигин чагылдырган «Тоолор жана айымдар» деп аталган сүрөт көргөзсөмү өтөт. Көргөзмөгө Сорос-Кыргызстан жана IDEA_CA уюштурган Медиа Жаса долбоорунун катышуучусу Гүлназ Камбарали кызы 20 жакын эмгектери коюлат.

Көргөзмө 10-ноябрь күнү «Жангак фестивалынын» алкагында Базар-Коргон райондук адиминстрациясынын чоң залында коюлат.  Ачылуу аземи саат 9:00.

Гүлназ Камбарали кызы Арстанбап жергесинде жашаган, жөнөкөй мугалим. Ал айылда жашап, тоодогу турмушту өз көзү менен көрүп, ошол жашоодо жашайт.

Ал «Сорос Кыргызстан» Фонду жана IDEA_CA уюштурган Медиа Жаса долбоорунда «Тоолор жана айымдар» деп аталып, сүрөт баян аркылуу жайлоодогу аялдардын жашоосу, алардын көйгөйлөрү, бала тарбиялоосу, жайлоодо ыктыярчылар аркылуу уюшулган жайлоо балдар бакчасы, ошол эле убакта жайлоодо бизнес жасаган айымдарды көрсөттү. Арстанбаптын символуна айланган жаңгак терүүдө, токойду сактоодо аялдардын ролун «Аял жана жаңгак» сүрөт баянында чагылдырган.

Сүрөт баяндар:

«Сүрөт баянды тартып жүргөндө жайлоодогу айымдардын түйшүгү, жумушунун көптүгү, таң эртеден тартып караңгы түнгө чейин аткарган иштерин көрүп, айымдардын күчтүүлүгүн, алардын убакытты туура пайдаланганын билдим. Жайлоодо гендердик сезимталдык менен жашаган үй бүлө, бизнес жасаган айымдын эрктүүлүгүн, балдарынын окуусуна баардык кирешесин арнаган аялдарды сүрөткө тарттым»-дейт Гүлназ Камбарали кызы.

2021-жылдан баштап IDEA Central Asia «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен MediaJasa программасын ишке ашырып жатат, 20дан медиа активисттерди жана журналисттерди колдоду. Алар коомдогу түрдүү социалдык көйгөйлөр боюнча ар кандай медиа демилгелерди көтөрүштү.

MediaJasa долбоорунун максаты – коомчулукту түзүү жана жаш медиа активисттерди колдоо аркылуу Кыргызстанда медиа активдүүлүк маданиятын илгерилетүү жана социалдык маанилүү контентти жаратуу, теңдик, эркиндик жана адилеттүүлүк маселелери боюнча дискурсту кеңейтүү.