Урматтуу достор жана шериктештер,

«Сорос-Кыргызстан» фонду 2023-жылдын 1-январынан тартып аткаруучу директор Шамиль Ибрагимов уюмдан карьералык жолунун жаңы барагын ачыш үчүн уюмдан кетерин кулактандырат.

Шамиль фондунун жамаатын 2012-жылы жетектей баштаган. Анын жетекчилиги астында Фонд Open Government Partnership (OGP), шаардык жигердүүлүк, ачык маалымат жана ачык билим берүү ресурстары саясатын киргизүү сыяктуу маанилүү багыттар боюнча Кыргызстандын демилгелерин колдогон. Фондунун адвокациясынын натыйжасында Кыргызстан кыйноо практикасынан баш тартуу боюнча Стамбул протоколун киргизүү милдеттенмесин кабыл алган. Сапаттуу палиативдүү жардам стандарттары иштелип чыккан жана кабыл алынган, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялар паркынын түзүлүшүнө колдоо көрсөтүлгөн, ал ата мекендик МТ-индустриясынын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берген, жаш адистер мууну үчүн келечектүү карьералык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн, адам капиталын өлкөнүн ичинде сактап калган.

Фонд 2020-жылы COVID-19  менен байланышкан коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү чукул кырдаалга ыкчам жана натыйжалуу көңүл буруу боюнча бир  топ иштерди аткарган, СКФ жамааты Оксфорд университетинин эксперттери менен биргеликте КРдеги COVID-19ду изилдөө жана анын таралышын моделдөө иштерин жүргүзгөн.

Ушунун бардыгы тең Шамилдин мыкты лидер сапаттарына жана демократиялык идеалдарга берилгендигине байланыштуу жүзөгө ашырылган.

Биз акыркы 10 жыл аралыгындагы зор салымы үчүн Шамилге терең ыраазычылык билдиребиз жана келечекте жаңы жетишкендиктерди, чыгармачыл ийгиликтерди жана натыйжалуу эксперименттерди каалайбыз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жаңы директорубузга – Нуриана Картанбаевага салам жолдойбуз, Нуриана СКФнын байкоо кеңешинин чечими боюнча өз милдеттерин 2023-жылдын башында аткара баштайт.

Учурда Нуриана аткаруучу директордун орун басары кызмат милдетин аткарат, ошону менен бирге Укуктук программаны башкарат.

Нуриана адам укуктарын алдыга жылдыруу жана коргоо чөйрөсүндө, мыйзамдын үстөмдүгү, кылмыш-жаза сот адилеттигин реформалоо, укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, кыйноонун алдын алуу жана жоопкерчиликке тартуу, жарандык жигердүүлүк, экономикалык жана социалдык укуктар, анын ичинде БУУ системасындагы укуктар тармактарында 23-жылдык тажрыйбага ээ. Нуриана Фондунун жамаатына 2013-жылы Укуктук программанын директору катары  кошулган, өзүн адам укугу жана демократиялык өзгөрүүлөр чөйрөсүндө үлгүлүү лидер жана эксперт катары көрсөтө алган. Ал АКШдеги Денвер университетинин «Адамдын өнүгүшү жана укуктары» адистиги боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн магистри даражасына ээ.

Нуриананы жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктайбыз, андан жаңы ачылыштарды жана ийгиликтерди күтөбүз.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун жамааты