2022-жылдын 26-январында Бишкек шаарында – 2022-жылдын аягында «118 тынымсыз байланыш» кызматы иш отчетун жыйынтыктады жана колл-борборлорго кыргызстандыктардын кайрылуулары боюнча статистикалык маалыматтарды беришти. Бүгүнкү күндө «118 ТБ» Кыргызстандын бардык облустарында, анын ичинде Бишкек шаарында (4 борбордон ажыратылган колл-борбор) жана Ош шаарында (2 борбордон ажыратылган колл-борбор) жана Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында 6 call-борборлор, кеңейтилген форматта өзүнүн ишин толук кандуу жүзөгө ашырат. Жалпысынан 16 оператор иштейт. Өткөн жайда “118 тынымсыз байланыш” кызматына “Сорос-Кыргызстан” Фонду Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) жана ПРООНдун каржылык колдоосу менен, республиканын бардык аймактары боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык кеңейтүү максатында жалпы суммасы 1,9 миллион сомдук жаңы жабдууларды өткөрүп берген.

COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн бул кызматтын аркасында, саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптардын агымын бөлүштүрүүдө биринчи медициналык жардам системасына олуттуу деңгээлде көмөк көрсөтүлүп, өлкөбүздүн бардык жерлеринде биринчи медициналык кеңештерди берүүнү камсыздоо боюнча иш башталган. Кайрылуулардын негизги бөлүгү ар кандай нозологиялар боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү, эмдөө, COVID-19 оорусунун кесепетинен калкка психологиялык колдоо көрсөтүү маселелерине жана реабилитациялык иш-чаралардын зарылдыгына байланышкан.

 

118 тынымсыз байланышына кайрылуулардын статистикасы:

 2022-жылдын январынан тартып декабрына чейин Бишкек шаары боюнча жалпы кайрылуулар – 22 390.

2022-жылдын январынан тартып декабрына чейин регионалдык кайрылуулар:

  • Талас облусу — 221 кайрылуу.
  • Ош облусу – 216 кайрылуу.
  • Баткен – 288 кайрылуу.
  • Нарын – 62 кайрылуу.
  • Жалал-Абад – 862 кайрылуу.
  • Ысык-Көл облусу – 79 кайрылуу.
  • Чүй облусу – 17 кайрылуу.

Бардыгы – 1 745 кайрылуу.

 

2022-жылдын бүтүндөй аралыгында участкалык үй-бүлөлүк дарыгерлерге жөнөтүлгөн 2 902 кайрылуучу катталып, маалыматтар электрондук платформада жазылган. Кайрылуучуларга кеңеш берүү жардамы көрсөтүлгөн.

Курактык категориялар

Алынган маалыматтарга ылайык, ооруга жаштар көп чалдыккандыгы белгиленген, бул, албетте, алардын бир кыйла активдүү жашоо образы менен байланыштуу. Бейтаптардын төмөнкүдөй курактык өзгөчөлүктөрү табылган.

 

###

Маалымкат: COVID-19 пандемиясы социалдык чөйрөгө да, экономикага да өзүнүн соккусун урду. Бирок, саламаттык сактоо тармагы оорулуулардын көптүгүнөн жана калкты медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүндүгүн толук өлчөмдө камсыздай албагандыгынан, баарынан көп зыян тартты.

Бишкек шаарынын мэриясынын, Сорос-Кыргызстан Фондунун, Швейцариянын Медициналык билим берүүнү реформалоо долбоорунун (MERP) өнөктөштүгүндө жана Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун өлкөлүк кеңсесинин андан аркы колдоосунда түзүлгөн “118 тынымсыз байланыш” кызматы оорулууларга кеңештерди берүү жана бейтаптардын көбөйүшүнүн алдын алуу негизги милдетин аткаруу менен бейтаптарды бөлүштүрүү жана алгачкы медициналык жардамдарды бөлүп-бөлүп жайгаштыруу системасына олуттуу деңгээлде көмөктөштү. Адамдар жеке жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү уюмдарга кайрылып, бирок көп сандагы бейтаптарды күн сайын тейлөө үчүн ресурстардын жетишсиз болгону топтолгон тажрыйбадан улам көрүндү.