«Сорос-Кыргызстан» фонду «Сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндиги» программасынын алкагында: Өлкө аймактарынын жашоосу жана көйгөйлөрү туурасында сапаттуу, социалдык маанилүү контентти өндүрүү темасына гранттык сынактын башталышы туурасында жарыялайт. 

Гранттар ЖМКлар тарабынан азыраак чагылдырылган аймактар жашоосу жана көйгөйлөрү туурасында кабарлаган, коомдук кызыктуу материалдарды өндүрүүгө берилет. Алыскы аймактардагы адамдар жашоосу, алар туш болгон окуялар туурасындагы жана кыргыз тилиндеги материалдар артыкчылыкка ээ. 

Сынак максаты: атаандашууга жөндөмдүү түрдүү медиа контентти өндүрүүгө түрткү берүү жана өлкө аймактарынын көйгөйлөрүн жана жашоосун активдүү чагылдырууда көмөктөшүү.  

Арыздарды кабыл алуу критерийлери:  

  • Креативдүү ыкма   
  • Өзгөчө окуялар 
  • Медиаконтент жаатында тажрыйбасы бар   
  • Кеңири коомдук кызык туудурган тема  
  • Долбоордун туруктуулугу  

Сынакка ким катыша алат?  

Кыргыз Республикасында юридикалык каттоосу бар уюмдар гана:  

  • ЖМКлар  
  • Продакшн студиялар 
  • Онлайн басылмалар   

Болжолдонгон форматтар:  

  • Репортаж 
  • Интервью   
  • Ток-шоу  
  • Документалдык тасма 
  • Тревел-журналистика
  • Жана башкалар 

Гранттар суммасы: $20,000ге чейин 

Долбоор сунуштарын кабыл алуу жана ылгоо процедуралары:  

Сынак 2 баскычта өтөт. Биринчи баскычында долбоордун толук бюджетин жана команда мүчөлөрүнүн кыскача өмүр-баянын камтыган, толтурулган арыз формалары кабыл алынат. Андан ары тандоодон өткөн авторлор сурам боюнча кошумча коштомо документтерди бериши зарыл. Арыз формасын бул жерден жүктөп алууга болот.  

Арызда кийинкилер сөзсүз камтылышы зарыл 

  • Грант алууга арыз формасы  
  • Бюджет формасы  
  • Команда мүчөлөрүнүн өмүр-баяндары  
  • Буга чейинки эмгектерине шилтемелер (3төн ашык эмес 

Сынак аталышы жазылган документтер топтомун 2023-жылдын 14-майы саат 18:00гө чейин aidai@soros.kg дарегине жөнөтүү керек.  

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч толтурулган жана толук эмес документтер топтому кароого алынбайт. Бардык туулган суроолорго 2023-жылдын 10-майында өтө турган онлайн маалыматтык сессиядан жооп алууга болот.   

Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү 1 жылдан ашык эмес. Арыздар орус жана кыргыз тилдеринде кабыл алынат. Кийинки турга өткөн талапкерлер гана маалымдалат.  

Байланышуу үчүн: Айдай Норузбаева, “Сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндиги” программасынын координатору aidai@soros.kg