Бүгүн, 3-майда, Дүйнөлүк басма сөз эркиндик күнү белгиленип жатат. Бул күнү биз ар бир адамдын башкы укугу гана болгон эмес, адилеттикке жана прогресске жетишүүдө кыймылдаткыч күч катары чыккан сөз эркиндигинин, өз пикирин билдирүү эркиндигинин маанилүүлүгү туурасында эскертип кеткибиз келет.

Биз ошондой эле коом жыргалчылыгы үчүн талыкпай эмгектенип, сөз эркиндиги, чындык үчүн күрөшүп келе жаткан журналисттерге жана ЖМКларга ыраазычылыгыбызды билдирип кеткибиз келет. Алардын кесиптик милдетин аткаруусунда ийгилик каалап, басма сөз сөз эркиндиги Кыргызстанда гана эмес бүткүл дүйнө жүзүндө корголуп, колдоого алынат деген үмүттөбүз.