2023-жылы 12-майда Бишкекте КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана Борбордук Азиянын Евразия фонду тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Биздин мектеп» долбоорунун алкагында уюшулган ар жылы өтүүчү инклюзивдик билим берүүнүн экинчи форуму болуп өтмөкчү. Форум баалуу идеяларды талкулоо үчүн арналган инновациялык аянтча – TEDx форматында «Парк Отелде» өтөт.

Форумда тажрыйбалуу спикер-мугалимдер жана эксперттер сөз сүйлөп, өздөрүнүн педагогикалык жана башкаруучу усулдары туурасында маалымат менен бөлүшүп, билим берүү жаатындагы инклюзивдик билим берүүгө байланышкан инновацияларды талкууга алышмакчы. Форумга панелдик талкуулар камтылып, анда мектептердин инклюзивдик режимге өтүүсүнүн чет өлкөлүк жана ата-мекендик сыналган моделдери тартууланмакчы. Спикерлер ошондой эле атайы билим берүү шарттарын түзүү, педагогикалык жамааттагы иштерди макулдашуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке кирүүсүн камсыздоо маселелерине байланышкан маанилүү суроолорго жооп беришет.

TEDx иш-чарасы ошондой эле өзүн көрсөтүүдө жана жеке тажрыйбасы менен бөлүшүүдө уникалдуу мүмкүнчүлүк берип келет.  Форумдун экинчи бөлүгүндө Бишкек жана Чүй облусунун сынактык мектептеринин 7 тайпасы үчүн интеллектуалдык викторина өткөрүлмөкчү. Мыкты катышуучулар диплом жана эстелик байгелер менен сыйланат. Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле сынактык мектептердин окуучуларынын көргөзмөсү өтүп, биргелешкен флешмоб уюштурулмакчы.

КРдагы инклюзивдик билим берүү форуму – бул мугалимдер жана эксперттер үчүн жеткиликтүү билим берүү жаатында тажрыйба алмашып, идеялар менен бөлүшүүсү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.