Достор, Кыргызстандын келечеги кең, анын адам капиталы чексиз деген пикирибизге кошуласыңарбы?

Жарандарыбыздын акылы жана таланты менен өлкөбүз өнүккөн мамлекеттер катарын толуктай алат деп ишенебиз. Так ушу максатта биз кыргызстандыктардын окуусуна жана өнүгүүсүнө көмөктөшкөн демилгелерди колдоп келебиз.

Өлкөдөгү 30 жылдык эмгегибиз ичинде албан мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан маалымат технологиясынын өнүгүүсүнө өзгөчө маани берип келдик. Бул демилгенин алкагында биз информатика боюнча окуу китептери, анын ичинде Python программалоо тилин үйрөтүү сыяктуу акысыз ресурстарды сунуш кылмакчыбыз.

Бул акысыз материалдарды жүктөп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, досторуңар жана жакындарыңар менен бөлүшкүлө. Билим жайылтып, башкаларды да шыктандыргыла!

#СКФ30жыл #Кыргызстан #өнүгүү #маалыматтехнологиялары #өзүнчөбилималуу

Жүктөө шилтемеси: https://drive.google.com/drive/folders/1hUdbqp9kmJFwAUD5Xxv04MUvKkkHiwR9?fbclid=IwAR1A74eHywSDsqzTUvfrWfa3kpx6D9Kun_z9hXPU9oeZFqii-xn-AHom9GI