16-майдан 27-майга чейин өтүп жаткан Канн кинофестивалында Кыргызстан кинематографисттери өлкөбүздүн атынан көрсөтүлгөн стендди сыймыктануу менен тартуулашты. Стенддин алкагында акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстанда тартылган тасмалар көрсөтүлдү.

Киномаркеттин негизги катышучуулары катары Кыргызстан кинорежиссерлорунун «Эрмен жыты», «Жалгыз карагай», «Звонок с небес», «Эсимде», «Эдемге жол», «Сальвадор Дали», «Тенирберди», «Үй сатылат», «Кийинкиси ким?», «Кара вагон», «Атасынын баласы», «Кыргыздын кыраан кыздары» сыяктуу тасмалары чыкты.

Киномаркеттеги «Kyrgyz Сinema» стенди «Сорос-Кыргызстан» фондунун, «Дөөлөт курулуш» курулуш компаниясынын жана «Синематика» кинотеатрлар тармагынын колдоосунда уюштурулган.

Презентациясынан тышкары, учурда өндүрүлүп жаткан коммерциялык тасмалар жана долбоорлор туурасында маалыматты камтыган таратма буклеттер жана электрондук материалдар сунушталды.

Ошондой эле стендде кинофестивалдар, биримдиктер, ассоциациялар, гильдиялар, подакшн студиялар, кинотеатрлар, онлайн платформалар жана Кыргызстанда тасмаларды жаратууда жагымдуу болуп саналган жерлер туурасында маалымат тартууланды.

Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүнүн директору Гүлмира Керимова белгилегендей, Канн кинофестивалы сыяктуу дүйнөлүк аянтчаларга катышуубуз улуттук тасма маанисин жогорулатууга, өлкө беделин көтөрүүгө жана дүйнө коомчулугунун жана кино жаатындагы кесипкөйлөрдүн көңүлүн жалпысынан кыргыз кинематографиясына бурууга көмөктөшмөкчү.

Кыргыз стендинин көргөзмөсү Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин каржылоосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоо, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук тасмаларды, сериалдарды жана анимациялык тасмаларды дүйнөлүк кинорынокто илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында уюшулган.