Дүйшөмбүдө 118 тынымсыз байланышы калкка алыстан ыкчам кеңеш берүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган тренингдин соңуна чыкты. Тренингди КРСУнун медициналык психология, психиатрия жана психотерапия кафедрасынын доценти Пантелеева Лилия жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун үй-бүлөлүк медицина факультетинин деканы Өмүрова Жаркын өткөрүштү.

Тренингдин алкагында консультанттар калкка аралыктан натыйжалуу кеп-кеңеш берүүдөгү маанилүү көндүмдөргө ээ болушту. Алар оозеки коммуникациялык көндүмдөрдөн жазуу түрүнө өтүүнү жана алыстан жөндүү терапевттик мамилелерди сактоого үйрөнүштү. Бейтаптын жаш-курагы, мүмкүндүү майыптуулугу, аракетке жөндөмдүүлүгү жана Интернетке жеткилиги сыяктуу түшүнбөстүктөрдөн алыс болуу үчүн ачык жана түшүнүктүү коммуникацияга өзгөчө көңүл бурулду. Тренингдин аркасы менен кызматкерлер купуялуулукту жана маалыматтардын коопсуздугун сактап, ошондой эле бейтаптар менен онлайн чөйрөдө өз ара натыйжалуу аракеттешип, жогорку деңгээлдеги кеңештерди берүү жөндөмдөрүнө ээ болушту.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директорунун орун басары Калчакеев Элден Муратович бул сыяктуу тренингдерди өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти: “Алыстан ыкчам кеп-кеңеш берүүнү өнүктүрүү заманбап медициналык тейлөөнүн ажырагыс бөлүгү болуп, калкка, өзгөчө Кыргызстандын аймактарында натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүгө көмөктөшмөкчү. Бул саламаттыкты сактоо системасына бейтаптардын саны аша чапканда аларды бөлүштүрүүдө олуттуу түрдө жардам бермекчи”.

Жугуштуу оорулары боюнча медициналык кеп-кеңешке муктаж же ден соолугуна байланыштуу суроолору бар жарандар 118 тынымсыз байланышына чалып, акысыз кесипкөй жардам ала алышат. Аталган кызмат Корей Эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA), Кыргызстанда БУУ өнүктүрүү программаларынын (БУУӨП) жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун финансылык жана техникалык колдоосунда иш алып барат.