ЖМКЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

ММКнын өнүктүрүү программасынын негизги максаты көз карандысыз ММКнын жана анын контентеринин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, жана ошондой эле сөз эркиндигин өркүндөтүү менен бирге медиа тармагынын мыкты практикаларын таркатуу болуп саналат.

Учурда программа 3 багытта иш алып барат:

  • Эркин маалымат мейкиндигин өркүндөтүү

Бул багыттын максаты Кыргызстанда Эл аралык макулдашуулардын жана КРнын Конституциясынын негизинде белгиленген сөз эркиндигин жана эркин  маалымат мейкиндигин түзүүгө жана колдоого арналган    өнөктөштөр менен  системалуу иш алып баруу.

  • Журналисттерге юридикалык жактан маалымат берүү;
  • Сот практикасына анализ берүү;
  • талаш-тартыштарды сотко жеткирбөө;
  • ММКнын кызыкчылыгын сотто коргоо;
  • ММК тармагындагы мыйзаммдарын мониторингден өткөрүү;
  • Медиа мыйзамдарын реформалоону колдоо;

Мындан тышкары уюмдар журналисттердин маалыматтарын юридикалык экспертизадан өткөрүүгө, жана туура, так маалмат менен камсыз кылышат.

Кыргызстандагы медиасабаттуулукту өнүктүрүү кадамдарын колдоо

Медиасабаттуулук – бул маалыматты ар түрдүү жол менен баалоо, анализдөө жана жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Кыргызстанда учурдагы медиасабаттулукту өнүктүрүү жана анын өзүнчө бир багыт катары өсүшү жаңыдан эле келе жатат.

Кырыгзстанга медиасабаттулук медиаресурстарды жана алардын негизи болгон этикалык принциптерди түшүнүү үчүн зарыл.   Медиасабаттулуктун өнүгүүсүн калктын ар кайсы катмарынын ичинде түзүү жана окуу процесстерине киргизүү аркылуу жүргүзүү керек.

Көз каранды эмес ММКрын маалыматтарды таркатуунун жаңы багыттарын өнүктүрүү аркылуу колдоо

Көз каранды эмес ММКрын колдоо багытынын негизинде редакцияларга ар кандай суроолор боюнча аудиторияны заманбап багыттарды колдонуунун негизинде объективдүү жана так маалымат менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.

Журналистиканын маалымат боюнча компонентинин негизги максаты маалымат менен иштөөдө ММКрынын потенциалын өнүктүрүүнүн жана жогорулатуунун негизинде жарандарды маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.

Бул үчүн программа маалымат менен иштөөдө жана ачык маалыматтардын негизинде билдирүүрордү негиздөөгө колдоо көрсөтөт.

Программанын кызматкерлери:

Айгуль Аджиева

“Сөз жана өзүн көрсөтүү эркиндиги” программалык багыттын менеджери

E-mail: aigul@soros.kg

Айдай Норузбаева

“Сөз жана өзүн көрсөтүү эркиндиги” программалык багыттын координатору

E-mail: aidai@soros.kg