Программа тууралуу жалпы маалымат

«Сорос-Кыргызстан» Фонду бардык бийлик бутактарында коомдук маанилүү маселелердин жана көйгөйлөрдүн кеңири тизмеси боюнча үзүрлүү диалог жүргүзүүнү демилгелөөгө жөндөмдүү өнүккөн жарандык коомду, ошондой эле медиа жана коомдук институттарды түзүүгө үзгүлтүксүз аракет жасап келет. Ошону менен бирге эле, «Сорос-Кыргызстан» Фонду коомдо позитивдүү узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө таасир көрсөтө алган ар түрдүү кызыкдар тараптар үчүн платформа жаратууга өбөлгө түзөт.

«Изилдөөгө багытталган гранттар» программасы ишмердүүлүгү коомдук саясатты иштеп чыгууга жана өзгөртүүгө багытталган изилдөөчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Программа изилдөөлөрдүн натыйжасында алынган далилдүү базанын негизинде жигердүү диалогду түзүү үчүн изилдөөчүлөрдүн, жарандык коом уюмдарынын жана чечимдерди кабыл алуучу жактардын ортосунда өтө активдүү кызматташууну колдоого багытталган. Убакыттын өтүшү менен коомдо терең талдоочулук көндүмдөрү бар көз карандысыз изилдөөчүлөрдүн жеткиликтүү саны калыптанаары, алардын биздин коомго тиешелүү болгон маанилүү багыттар боюнча компетенттүү талкууларды демилгелөөгө жана жүргүзүүгө жөндөмдүү боло тургандыгы күтүлүүдө. Эксперттерден, талдоочулардан, академиялык жана жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз изилдөөчүлөр жүргүзүлгөн жана эффективдүү полистик — башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзө турган изилдөөлөргө жана аналитикалык материалдарга таянып мамлекет менен конструктивдүү диалог түзүшөт.

Сынакка ким катыша алат?

«Изилдөөгө багытталган гранттар» программасы жарандык коомдун өкүлдөрү, университеттердин мугалимдери жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, изилдөөчүлөр, талдоочулар, саясий маселелер боюнча  кеӊешчилер жана бул темага байланышкан бардык адистер үчүн ачык болуп саналат. Талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек, мамлекеттик саясат жана башкаруу, политология, укук, экономика, эл аралык мамилелер же башка изилдөө жүргүзүлө турган багытта магистр даражасына же жогорку билимге ээ болушу зарыл. Саясатты иштеп чыгуу жана талдоо, адвокация жана саясаттарды ишке ашыруу чөйрөлөрүндө тажрыйбасы бар талапкерлер да колдоого алынат. Талапкердин академиялык жазуу көндүмдөрү милдеттүү түрдө жакшы болушу керек, ошондой эле, ал изилдөө жүргүзүү ыкмаларын билүүсү керек. Гранттар жеке жактарга гана индивидуалдык гранттар түрүндө 6 (алты) айга чейинки мөөнөткө берилет.

Сынакка катышуудагы күтүүлөр жана жыйынтыктар

Ар бир талапкер программага катышуунун натыйжасында тандалып алынган тема же маселе боюнча изилдөө жүргүзүү күтүлөт. Маселенин келип чыккан себептери менен натыйжаларынын ортосундагы катышты аныктоо, абалды өзгөртүү боюнча так кадамдарды сунуштоо менен келечектеги практикалык саясатты калыптандыруу үчүн далилдик базаны түзүү күтүлөт. Ошондой эле, программанын катышуучусунан изилдөөчүлүк долбоор аяктаган соӊ коомдук саясаттын өзү сунуш кылган варианттарын ишке ашыруу боюнча жигердүү иш алып баруусу күтүлөт. Бул учурда «Сорос-Кыргызстан» Фонду изилдөөнүн жыйынтыктарына жана саясаттын сунуш кылынган варианттарына байланышкан кеӊири коомдук жана эксперттик талкууларды уюштуруу иштерине көмөк көрсөтө алат. Изилдөөнүн негизинде полистик — башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу же, жок дегенде, тандалып алынган маселе боюнча коомдук талкууну жарандык, эксперттик коомчулуктун жана темага байланышкан чөйрөдө иш алып барган мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен  жүргүзүү долбоордун жыйынтыгы катары каралат. Изилдөөлөрдү 1 Тиркемеде каралган багыттар боюнча жүргүзүүгө болот, бирок, бул тизме акыркы болуп саналбайт. Катышуучу Кыргызстанда калыс, жарандык жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүдө коомдук мааниге ээ көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө багытталган башка олуттуу темаларды да сунуштай алышат.

Тандоо процесси

Тандоо процесси эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи, талапкерлердин катышууга болгон заявкалары толук талап кылынган документтер менен чогуу каралат. Андан соӊ, ылайык деп табылган талапкерлер аӊгемелешүүгө чакырылып, анын жыйынтыгында программанын катышуучулары тандалып алынат. Заявкаларды баалоо жана тандоо «Сорос-Кыргызстан» Фондунун эксперттик комитети тарабынан жүргүзүлөт. Баалоо сунушталган теманын актуалдуулугуна, аталган маселенин негиздемесинин жана сунушталган изилдөө методологиясынын жеткиликтүүлүгүнө, адвокациялык стратегияны ишке ашыруунун келечегинин аныктыгына жана бюджеттин тактыгына негизделет.

Чыгымдар

Программанын катышуучулары 4 (төрт) миӊ АКШ долларына чейин грант алышат. Гранттык каражаттар изилдөөнү өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга багытталышы керек. Изилдөөнү жүргүзүүгө кеткен чыгымдар орундуу болушу зарыл; чыгымдардын тизмеси таблица түрүндө заявкага чогуу тиркелиши керек. Бюджетке изилдөөчүнүн гонорарын киргизүүгө болот жана ал суралган бюджеттин 40%нан ашпоосу керек.

Тренинг жана программага катышууга даярдык

Программанын тандалып алынган катышуучулары үчүн изилдөөчүлүк потенциалды жогорулатуу боюнча семинар Берлинде Hertie School of Governance университетинде уюштурулат. Семинарга катышууга кеткен чыгымдар, анын ичинде, жол кире, тамак — аш жана турак — жай «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан төлөнүп берилет.

Сынактын мөөнөтү жана байланыш маалыматтары

Бардык кызыккан талапкерлер толтурулган заявканын жана CVнин (резюме) электрондук түрүн  nazira@soros.kg почтасына жана принтерден басылып чыккан түрүн Бишкек ш., көч. Логвиненко 55 А дареги боюнча 2019-жылы 13-февраль саат 15:00гө чейин салышы керек. Сынактын шарттары менен жакшылап таанышып чыгууну суранабыз, эгерде, кошумча суроолор келип чыкса, Назира Тураровага +996 (312) 66 34 75 (ички 131) телефону менен байланышсаӊыздар болот.

Төмөндөгү темаларда изилдөөлөрдү сунуштасаңыз болот:

Адам укуктарын жакшыртуу. Изилдөөлөр негизги адам укуктарын жакшыртууга, жарандык катышууну жана коомдук диалогду жайылтууга, укуктук үстөмдүктү илгерилетүүгө багытталган маселелерге арналса болот. Темалар калыс сот адилеттүүлүгү, сапаттуу юридикалык жардам берүү жана аны институционалдык өнүктүрүү боюнча маселелерди камтый алат. Андан сырткары, изилдөөчүлөр кыйноолорду колдонуу фактыларын эффективдүү иликтөө чөйрөлөрүндө, жалпысынан алганда, кыйноолорду алдын алуу маселелери боюнча темаларды карап чыгышса болот. Ошондой эле, жүргүзүлүп жаткан соттук — укуктук реформалардын алкагында тигил же бул жаӊылыктарды киргизүү маселелерин да көтөрүп чыгышса болот.

Ден-соолукка болгон укук. Бул багытта изилдөөчүлөр жашоодо эӊ керектүү дары каражаттарынын жана дарылоо программаларынын жеткиликтүүлүгүндөгү тоскоолдуктар, калктын аялуу жана маргиналдашкан топторуна кам көрүү жана аларга колдоо көрсөтүү тематикаларына көӊүл бура алышат. Ошондой эле, Фонд маргиналдашкан топтордун саламаттыкты сактоого жана адилеттүүлүккө болгон теӊ укуктарынын бузулушу менен байланышкан учурларды талдоого жана коомдо стигма менен басмырлоонун деӊгээлин азайтуу үчүн жаӊы ыкмаларды иштеп чыгууну максат катары караган изилдөөлөргө абдан кызыкдар.

Инклюзивдик билим берүү. Фонд тилдик, этникалык, социалдык — экономикалык абалга, ошондой эле, индивидуалдык, менталдык жана физикалык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, бардык жарандардын билим алуудагы муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим берүүнү ар бир жаранга камсыз кылуу үчүн аракет жасап келет. Бул багытта билим алуу муктаждыктарын баалоо, атайын билим алуу муктаждыктарына ээ жактар үчүн билим берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү системасы менен байланышкан институттарга жана тажрыйбаларга, ал институттарды башкарууга, алардын каржылык, кадрдык жана башка ресурстук камсыздоолоруна көӊүл буруу керек.

Шаарларды башкарууга жана пландаштырууга жарандык катышуу. Фонд шаарларды башкаруу жана пландаштыруу процесстерине жарандарды катыштыруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана коомдук саясатты иштеп чыгууга кызыкдар. Ошондой эле, коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча саясат, шаардын «жашыл» саясаты, ички миграция, абанын булганышы, жол кыймылынын коопсуздугу, калктын ар түрдүү топтору үчүн коопсуз жана ыӊгайлуу жашоо чөйрөсү (мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар, кары адамдар, аялдар жана кыздар, балдар), социалдык капиталды өнүктүрүү жана башка ушул сыяктуу шаарлардагы маселелерди актуалдаштыруу боюнча да темалар каралышы мүмкүн.

Маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана Кыргызстанда IT-билим берүүнү өнүктүрүү. Фонд мамлекеттик маалыматтардын жана архивдердин ачыктыгына арналган маселелерге, ошондой эле, мектептеги жана жогорку окуу жайларда ИТ-билим берүүнүн сапаттуу болушуна кызыкдар.

Медиа өнүктүрүү. Изилдөөлөр медиа чөйрөсүндө, сөз эркиндиги, медиалык мыйзамдуулук, белгилүү бир темаларды ММКда чагылдыруу сыяктуу актуалдуу агымдарды изилдөөгө багытталышы мүмкүн. Фонд үчүн артыкчылык берилген темалар: маалыматтар журналистикасы, этикалык ченемдерди сактоо, медиа сабаттуулук, медиалык билим берүү, журналисттик иликтөөлөр, медианын жаӊы форматтары, ММКнын каржылык туруктуулугу, журналисттердин коопсуздугу.