Программа: Маалымат программасы

 Сынактын аталышы: Жарандык технологияларды (civic tech) өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо боюнча инновациялык фонд.

Бул сынакты жарыялаган долбоор: Technologies for Good Governance

Сынак боюнча маалыматтар: Бул сынак civic tech чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдоого багытталган. Ал эми, Civic tech болжолдуу түрдө “жарандык технологиялар” деп которулат. Бул жарандык коомду өнүктүрүп, жарандар менен өкмөттүн ортосундагы байланышты жеӊилдете турган, коомчулукту маанилүү маселелерди чечүүгө камтый турган технологиялык каражаттар жана кызматтык тейлөөлөр болуп саналат. Мындай долбоордун кеӊири жайылган мисалы катары петицияларды түзүү үчүн колдонулган org платформасын алууга болот.

Жарандык технологиялар көпчүлүк учурда ачык маалыматтар менен байланышта болот. Civic tech каражаттары оpen data деӊгээли өнүккөн алдыӊкы мамлекеттерде (АКШ, Улуу Британия) активдүүрөөк өнүгүп жатат.

Сорос-Кыргызстан Фонду азыркы күнгө чейин ачык маалыматтарды өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп келди: биринчи хакатондор өткөрүлдү, биринчи маалымат түйүндөрү (датасеть) автоматтык окуу форматтарында чогултулду жана мамлекеттик ачык маалыматтарды публикациялоону жөнгө сала турган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Аны менен бирге эле, башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары жарандардын маалыматтарды алуу талабына (demand-side) колдоо көрсөткөндөрү маалыматтарды активдүү түрдө ачыкка чыгаруу  (supply-side) үчүн эӊ маанилүү фактор экендигин тастыктап турат. Башкача айтканда, маалыматтарды жөн гана чогултуу гана эмес, аларды пайдалануу да абдан маанилүү болуп саналат. Ошентип, мындай учурда жарандык технологиялар бул милдеттерди чечүү жолдорунун бири болуп эсептелет.

Сынактын максаты: жарандардын жарандык коом менен мамлекеттик секторду байланыштыра турган IT-чечимдерин түзүүгө багытталган долбоорлоруна колдоо көрсөтүү, тагыраак айтканда, ага калк менен өкмөттүн ортосундагы байланышты жеӊилдете турган, маанилүү социалдык көйгөйлөрдөрдү чечүүгө калктын көпчүлүк бөлүгүн камтый алган жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрө турган кызматтык тейлөөлөр кирет. Ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү кызматтык тейлөөлөр боюнча жарандык мониторинг жүргүзүү каражаттарын ачык, краудсорсингдик жана социалдык медиа маалыматтарынын негизинде түзүүгө басым жасалган идеяларга артыкчылык берилет.

Сынактын милдеттери:

Төмөнкү милдеттерди камтыган долбоорлорго колдоо көрсөтүлөт:

  • Укук коргоочулук мониторингди, жарандык катышууну, инклюзияны жана адам укуктарын коргоону чыӊдоо үчүн IT-технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • Жогорку деӊгээлде социалдык мааниге ээ IT-кызматтарды иштеп чыгуу, жогорку социалдык жана экономикалык натыйжалуулукка жетишүү үчүн маалымат технологияларын колдонуунун жаӊы ыкмаларын ишке киргизүү;
  • Билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо системаларын, коммуналдык кызмат чөйрөлөрүн реформалоого жана жакшыртууга багытталган IT-кызматтарды ишке киргизүү;
  • Коррупциянын деӊгээлин азайтууга, шаарды жана өлкөнү башкаруу процесстерине жарандарды камтууну жогорулатууга багытталган IT-чечимдерди ишке киргизүү.

Сынактын шарттары:

  • Сынактын катышуучулары: өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар гана (КБ, КФ, юридикалык жактар коому, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору), ошондой эле, билим берүү мекемелери.
  • Гранттык сынак жүргүзүү механизми: концепт-ноут аркылуу.

Сынактык долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү: 1 жылдан ашпашы керек.

Бир гранттык бюджеттин максималдык суммасы: 20 000 АКШ долларына чейин.

Сунуштарды кабыл алуу критерийлери:

  • Долбоорду белгилүү бир шартта ишке ашыруунун реалдуулугу;
  • Сунуш кылынган иш-аракеттердин креативдүүлүгү жана жаӊычылдыгы;
  • Ар тараптуу кызыкдар керектөөчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн, долбоорду түзүүгө, талкуулоого жана ишке ашырууга камтылган жарандардын көп санда болушу;
  • Долбоорлорду каржылоонун жана монетизациялоонун кошумча моделдеринин болушу жана гранттык мөөнөт бүткөндөн кийин долбоордун туруктуулугун камсыз кылуу;
  • Долбоор боюнча кеӊири маалымат: этаптары, коомчулукту камтуу схемалары, долбоорду каржылоо, аны рынокто илгерилетүү, ж.б.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо:

Сынак эки этапта өтөт. Биринчи этап – онлайн түрүндө жүргүзүлүп, анда долбоордун концепциясы жана чыгымдардын негизги бөлүктөрүн камтыган бюджет гана кабыл алынат. Экинчи этапта тандалып алынган гана сунуштарга долбоордук сунушту Сорос-Кыргызстан Фондунун гранттык сунушунун формасына ылайык тууралап жасоо боюнча кайрылуу жиберилет. Долбоордук сунушту басып чыгарылган жана электрондук түрдө кошумча документтердин толук топтому менен чогуу жиберүү керек.

Долбоордун концепциясын төмөнкү дарек боюнча толтуруу керек: http://soros.kg/grantovaya-deyatel-nost/oformit-kontsept-granta. «ФСК Программасы – Маалымат программасы» деген пунктту көрсөтүп, 2019-жыл 21-февраль, саат 16:00гө чейин жиберүү керек. Көрсөтүлгөн убактан кеч толтурулган долбоорлордун концепциясы кароого кабыл алынбайт.

Гранттык долбоордун максималдык суммасы $20 000дан ашпоосу керек (жыйырма миӊ АКШ доллары)

Байланыш үчүн: Алтынай Байбачаева, Маалымат программасынын координатору

altynai@soros.kg (312) 663475, кошумча 149