“Журналисттик иликтөө фонду” КФ “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “КРдеги журналисттик иликтөөнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кичи гранттардын кезектеги конкурсунун 2-этабын жарыялайт.

Кичи гранттардын максаты – Коррупциялык укуктарды бузуу жана укуктарга каршы келген көрүнүштөрдү токтотууга жана мындай фактыларды ачууну чагылыдрууга багытталган иликтөө долбоорлорун колдоо аркылуу КРдеги журналисттик иликтөө тажрыйбасын өнүктүрүү жана популяризациялоо.

Иликтөө долбоорлору журналисттик иликтөөнүн мыйзамдуу ыкмаларын жана инструменттерин колдонуу менен өлкөдөгү конкреттүү жана актуалдуу социалдык, экономикалык жана укуктук көйгөйдүн маңызына кирип аны ачууга багытталышы керек.

Иликтөө долбоорлору үчүн приоритеттүү деп саналган темалар:

  • шаарларды өнүктүрүү;
  • тоо-кен иштетүү тармагы;
  • инфраструктуралык долбоорлордогу коррупция фактыларын иликтөө;
  • коомдун аялуу топтору үчүн медициналык тейлөөнүн жана дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү.

Конкурска катышууга жөнөтүлгөн өтүнмөлөр Өтүнмөлөрдү тандоо боюнча комиссия тарабынан төмөнкү критейлирге ылайык бааланат:

  1. Журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу, анын негиздүүлүгү жана масштабы;
  2. Журналисттик иликтөөнү жүргүзүү жөндөмү;
  3. Гипотезанын болушу, фактыларды текшерүүдө данныйларды (или текшерилген маалматты?) колдонуу;
  4. Иликтөө долбоорунун конкреттүү бир абалга оң таасирин тийгизиши;
  5. Долбоордун бюджетинин реалдуулугу жана негизделиши.

Ким катыша алат?

Конкурска журналисттер, уюмдар, медиа тармакта иштегендер, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана иликтөө жүргүзгөн башка адамдар катыша алышат.

Гранттын көлөмү

Өтүнмөлөр 100 000 сомдон ашпай турган суммага көрсөтүлүүгө тийиш. Бул каражат журналисттик иликтөөгө байланыштуу керектелүүчү чыгашаларга багытталат (гонорарлар, айлык акылар, жол кире, документ чогултуу, жабдыктарды ижарага алуу, материалды которуу ж.б.)

Иликтөө долбоорунун жыйынтыгында сунушталган материалдар кыргыз жана орус тилинде болушу шарт. Өтүнмөчү материалдын кыргыз же орус тилине которулушун долбоордун бюджетинде эске алышы керек.

Грант эки транш менен берилет, ар бири 50%. Биринчи транш журналисттик иликтөөнүн башында, экинчиси иликтөө толугу менен ийгиликтүү аяктагандан кийин берилет.

Финансылоо процедурасы

Өтүнмө кабыл алынса:

А) Юридикалык жактар менен кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт, анын негизинде иликтөө жүргүзүлгөндүгү үчүн акы төлөнөт. Тиешелүү салык жана КР СФ төлөмдөрүн төгүү милдетин грант алуучу өз мойнуна алат.

Б) Физикалык жактар менен кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт. Тиешелүү салык жана КР СФ төлөмдөрүн төгүү милдетин грант берүүчү “Журналисттик иликтөө фонду” КФ өз мойнуна алат.

“Журналисттик иликтөө фонду” КФ өзүнө грант алуучулар менен келишимдин альтернативдүү вариантын түзүү укугун калтырат.

Конкурска өтүнмөлөр кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Соңку материалдар каалаган форматта болушу мүмкүн (электрондук, телерадиоберүүлөр үчүн же басма ММКлар үчүн).

Өтүнмөнүн формасы

Бюджеттин формасы

Конкурстун мөөнөтү жана байланышуу

Өтүнмөлөр grant@jif.kg электрондук дарек боюнча 2019-жылдын 8 апрель, саат 15:00гө чейин кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча Фонддун долбоорлор координатору Гүлмира Эсенгелдиевага 0700 777-856 телефону, же g.esengeldieva@gmail.com эл.почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.