18-19-майда Бишкекте маалыматтар боюнча DataCon Central Asia 2019 Борбор Азиялык биринчи конференция өттү.

Иш-чара Борбор Азиянын төрт өлкөсүнөн 200дөн ашык адамды – мамлекет жана бизнес өкүлдөрүн, университеттердин жана ӨЭУдын, ЖМК жана жарандык коом өкүлдөрүн бириктирди.

Шамиль Ибрагимов, «Сорос — Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору:

«DataCon Central Asia – бул Борбордук Азияда мындай темага арналган биринчи иш-чара, жана анын мааниси акыркы бир нече жылдар аралагында маалыматтардын ачыктыгы жана дата аналитика боюнча көптөгөн иштердин жүргүзүлүп жаткандыгында, анткен менен, мындай дискурстарда маалыматтар эмне экендигин жана аны менен эмне кылууга мүмкүн экендигин практикалык жактан толук түшүнүү жетишпей келгендигинде болуп саналат».

Аймактардын өкүлдөрү биринчи жолу DataCon аянтчасында ачык маалыматтардын экосистемасын түзүү, бизнесте маалыматтарды натыйжалуу башкаруу жана бирдикте өсүп-өнүгүүгө жетишүү максатында ар түрдүү катышуучулар ортосунда өнөктөштүктү түзүү үчүн жалпы чакырыктарды талкууга алышты.

Акром Султанов, Өзбек Республикасынын ачык маалыматтар порталынын ишмердүүлүгүн  мониторингдик башкаруу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитетинин статистика башчысы:

«Биз конференциянын алкагында эң негизги уккан маалымат – ачык маалыматтарды өнүктүрүүдө Борбор Азия өлкөлөрү туш келген маселелердин жалпылыгы жана окшоштугу болду»

Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик маалыматтардын ачыктыгы, сапаты жана жеткиликтүүлүгү, маалыматтарды бизнесте колдонуу, шаардык маалыматтардын инфраструктуралары боюнча темалардын үстүндө талкуулар жүрдү.

Конференциянын экинчи күнүндө катышуучулар маалыматтарды талдоо, визуалдаштыруу жана топтоо боюнча воркшопторго, аны менен бирге эле кыргыз тилиндеги воркшопторго да катышышты.

Шахло Абдунабизода, «Джахон» коомдук бирикмеси, Тажикстан:

«Биз алган маалыматтар ар дайым жетишсиз болот деп ойлойм. Башкача айтканда, маалыматтар канчалык көп болсо, аларды тактоого жана талдоого да ошончолук көбүрөөк муктаждык пайда болот. Мисалы, азыр биз аялдардын жана кыздардын билими боюнча баяндама жасасак, ага бир нече көрсөткүчтөр жетишпейт. Биз алардын жаштары, алар тандап алган билим алуу мекемелери жана адистиктери тууралуу көрсөткүчтөр боюнча көргүбүз келет».

Конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар маалыматтарды алуу маданиятын өнүктүрүүнүн муктаждыгын камтыган, ошондой эле, DataCon Central Asia конференциясын үзгүлтүксүз өткөрүлө турган ишмердүүлүк катары караган декларация кабыл алышты.

Конференциянын декларациясы иш-чаранын сайтында басылып чыккан http://datacon.opendata.kg/
Бардык фотосүрөттөрдү төмөндөгү шилтеме боюнча алууга болот:

https://drive.google.com/drive/folders/1yQ_6Hv7zU7vnzt781UVvH77x0W2JI8uM

Конференциянын онлайн – берүүсүнүн жазуулары Маалыматтар мектебинин фейсбук баракчасында жайгаштырылган:

https://www.facebook.com/pg/schoolofdataKG/videos/

Бул иш-чараны «Маалыматтар мектеби» коомдук фонду жана «Сорос- Кыргызстан» фонду уюштурган.

***

“Маалыматтар Мектеби” коомдук фондунун миссиясы – маалыматтарга негизделген билим берүүчүлүк жана изилдөөчүлүк долбоорлорду ишке ашыруу, маалыматтар менен алектенген адамдардын коомчулугун түзүүгө жигердүү көмөк көрсөтүү, ошондой эле, маалыматты жана саясатты талдоонун сапатын жогорулатуу.

Иш-чаранын уюштуруучулары жана өнөктөштөрү: “Сорос-Кыргызстан” Фонду, “Кыргызстан Маалыматтар Мектеби” коомдук фонду, ИДЕМ — Германия Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү  министрлигинин колдоосу менен, Необис, Ачык Коом Фонду, “Сорос-Казакстан” Фонду, “Ачык Коом” Институту, Тажикстандагы Колдоо Фонду, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу Институту, Интерньюс Кыргызстан.

 

Маалымат үчүн байланыш: Чолпон Узакбаева , +996500605406, schoolofdatakg@gmail.com