Бала кезинде Назар таттуу тамактарды жасаган адис болгусу келген, бирок, бой жеткенде физикалык гана эмес, акыл иши менен эмгектенүүнү каалагандыгын түшүндү. Ал өзүнүн улуу агасынын жолун жолдоп программист болууну чечти. Программалоо боюнча иштөөнү каалагандыгын жана ал колунан келе тургандыгын билди. Бул иш Назарга жагат, анткени, програмисттер үйдө иштей алышат.

Церебралдык шал оорусу диагнозу коюлган Назар 9-класска чейин үйдө билим алышы керек болчу. 10-11-класстарда ал мектепке бара баштады, андан кийин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. Бирок, биринчи курстун аягында дистанттык окууга которулган, себеби, экзамендик иштерди жазуу түрүндө тапшыруу оор болгон.

Назар IT Академиянын курстары тууралуу бул курста бир жыл мурун окуп бүткөн досу Алтынбектен уккан. Назарга анын үй-бүлөсү жардам беришкен: агасы аны ар күн сайын унаасы менен окууга алып барып турган, апасы сабак бүткөнгө чейин күтүп туруп, окуу аяктагандан кийин такси менен кайра кетишчү.

Назар окуган татаал, бирок, ошол эле учурда, абдан кызыктуу да болгондугун айтат. Курстарга чейин ал программалоону өз алдынча окууга аракет кылып көргөн, бирок, насаатчы менен чогуу окуу андан да кызыктуу болду. Кай бир убактарда кээ бир нерселерди жакшы аткарса, айрымдарын аткара албай калып жүрдү – программалоодо кээ бир маселелерди аткаруу үчүн убакыт талап кылынат. Маселелердин чечилиши өзүнөн-өзү мээге келе бербейт. Бул процессти Назар поэзия менен салыштырат – эргүү келиши керек!

«Менин окуум 9 айга созулду – бул дээрлик кызыктуу өткөн бир жылга тете. Мени менен чогуу окуган балдар мага келип, түшүнүксүз болуп жаткан нерселер жөнүндө сурап тургандары жакчу. Башкаларга жардам берүү – бул чоң бакыт!» — дейт Назар.

IT Академияда окугандан кийин жашоо бардык жагынан өзгөрдү. Биринчиден, Назар жумуш тапты. Абдан жакшы жумуш! Экинчиден, жаш программисттин бош убактысы жокко эсе жана зерикпейт. Үчүнчүдөн, ал өзүн чоӊ кишидей жана ишенимдүүрөөк сезип калды. Өзү үлгү болуу менен башка жаштарды да шыктандыра алам деп ойлойт.

Назарга университеттеги окуу IT Академиядагы окуудан эмнеси менен айырмаланат деген «оңтойсуз» суроолорду көп беришет. Ал жөн гана эгерде адам окугусу келбесе, анда эч кандай айырма жок деп жооп берет. Эгерде бир нерсе жасасаң, анда аны көңүл коюп жасашың керек, ошондо гана өзүңдүн аракетиңдин үзүрүн көрөсүң. Университетте дагы, академияда дагы өзүнүн жакшы жана жетишпеген жактары бар.

Назар университетте бир жыл окуду жана өзүн акылдуураак, өзүнө ишенимдүүрөөк болуп баштадым деп эсептейт. Ал жактан көптөгөн балдар менен таанышты.

IT Академиянын жакшы жактары – материалды жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылып айтып берүү, окуунун тездиги, заманбап технологиялар, сезилээрлик жыйынтыктар. Дүйнө бир жерде токтоп тура бербейт. Назар дагы жаңы нерселерди үйрөнгүсү келет, өскүсү келет жана замандын шары менен болгусу келет.

Назар өзүнүн үй-бүлөсүнүн да үмүтүн актагысы келет, ал дагы башка адамдар сыяктуу эле иштей алат, пайда алып келе алат жана ак эмгегинен пайда таба алат. Апасы ар бир күнү, ал мектепке барганда да, андан кийин университетке барганда да, кийинчерээк Академияда окуганда да, анын жанында дайыма болгон. Ал баласын колдоо үчүн бардык нерселерди жасады, жардам берди жана кам көрдү. Эми, апам жөнүндө кам көрүүгө мага убакыт келди деп эсептейт Назар.

Азыркы учурда Назар Business Soft компаниясында иштейт, ошол эле учурда окуп да жатат: “Өзүмдү Business Soft тобунун бир мүчөсү катары сезүү мага кубаныч тартуулайт жана бул мен үчүн чоң сый-урмат. Мен өзүмдүн жумуш берүүчүмдү нааразы кылбоо үчүн бардык аракетимди жасайм, абдан тырышам.”

Бул жаш адис үчүн кыйынчылыктар да бар, ансыз кызыксыз болмок. Бирок, Назар айткандай, кыйынчылыктардан коркпош керек, тескерисинче аларды жеңүү керек. Ал бир нерсени жакшы жасай албай жатканда, өзүнө ушундай деп эскертет.

Назар өзүнүн планы менен толук бөлүшкөн жок,  бирок, бизге ал үчүн баарысы эң сонун болгондо айтып берем деп убада кылды: “Мен кыялданганды жактырам, көп нерсе жөнүндө кыялданганды жактырам, бирок, көпчүлүк убакта мен реалистмин, а менин кыялдарым ишке ашырууга мүмкүн боло турган кыялдар. Бактылуу болуу үчүн көп нерсенин деле кереги жок.”

IT Академия «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалымат Программасынын колдоосу менен түзүлгөн.