Кенжегүл Бектемирова — Нарын облусунун Миӊ-Булак айылындагы мектепте социалдык педагог. Ал бала кезинен эле мугалим болууну кыялданып, кошуналардын балдары менен мектеп оюнун гана ойночу. Дептерден күндөлүк жасап, аларга баа койчу.

Педагогикалык институтту аяктап, Кенжегүл өзү туулган айылда кыргыз тил мугалими болуп иштеп калды. Мектепте 8 жыл иштегенден кийин, үйдө кошумча сабактарды окута баштады. Ал эми окуучуларынын бири анын көп нерсеге болгон көз карашын өзгөрттү.

«Мен церебралдык шал оорусунан жабыркаган Болотко биринчи жолу келгенде мындай көрүнүштү көрдүм: кичинекей бөлмөдө үстөлдө кичине бала отуруп, абдан аракеттенүү менен – ага оор болуп жатканы сезилип турду – өтө жай жазып жатты. Манжалары начар бүгүлүп, өзү кара терге чөмүлдү. Ошентип, мен аны менен иштеше баштадым. Ал өтө жөндөмдүү жана аракетчил болуп чыкты. Биз экөөбүз абдан жакшы окудук. Кетейин деп жатканда, эшик алдынан анын атасы менен жолугуп калдым. «Аны окутуунун кажети жок, ал баары бир карыганга чейин үйдө отурат», — деди ал.

Болот атасынын сөзүн угуп, мага жөлөнүп алып, абдан ыйлады. А мен аны сооротуу үчүн акырын шыбырадым: «Ыйлаба, сен мектепке барасыӊ».

Аны айтып коюп, унутуп калыпмын. Кийинки жолу кайра барганда Болот менден сурады: «Эже, биз бүгүн мектепке барабызбы?» Мен абдан уялдым да, кайра ойлондум – а эмнеге, чындыгында эле, мектепке барганга болбосун?

Кенжегүл Нарын шаарындагы №7 орто мектепте мугалимдер үчүн семинар өткөндүгүн, ошол жакта эле инклюзивдик билим берүү боюнча ресурстук борбор ачылгандыгын эстеп кетти. Ошентип, ал Нарынга Шаймуратова Турдүбү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын                кызыкчылыктарын коргоочу менен жолугушуу үчүн барды. Ал Кенжегүлгө Болотту гана эмес, башка дагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дагы мектепке алып келүүгө кеӊеш берди.

Кенжегүл айылына кайтып келип, директорго сунуш менен кайрылды: «Агай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мектепке алып келсем болобу?». «Алып кел, бирок, алар үчүн өзүӊ жооп бересиӊ. Мен сага социалдык педагог болууну сунуштайм» — деген жоопту укту. Кенжегүл социалдык педагогдун айлыгы «предмет» берген мугалимдердикинен азыраак экенин, ал эми, жумуш күнү узагыраак экенин билсе да макулдугун берди. Артка кайтууга кеч болуп калды, ошентип, ал 2012-жылдан бери балдар менен социалдык педагог катары иштеп калды.

«Болот менин биринчи инклюзивдик окуучум, андан кийин мектепке дагы үч баланы алып келдим. Ал балдар менталдык жактан жабыркаган балдар болчу. Башка класс- тардын балдары аларды жапайы адамды көргөндөй болушуп, токтоп карап калышчу. Кээ бир окуучулардын жүзүнөн кызыгууну көрүүгө болсо, айрымдарынан кастык сезилди.»

Бул жумуш мен үчүн канчалык маанилүү болгон сайын, мен ошончолук биздин коом көп нерселерди үйрөнүүлөрү керектигин тереӊ түшүнө баштадым. Мен стереотиптерге каршы күрөшүүнү жана балдарды толеранттуулукка  тарбиялоону чечтим. Ошентип, балдар чогуу болуулары үчүн, бири-бири менен сүйлөшүүлөрү үчүн иш-чараларды өткөрүп баштадым. Мектепте клуб уюштуруп, ага чоӊ класстарда окуган балдарды ыктыярчы катары тарттым. Дайыма окууларга барып турдум жана «Сорос – Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия Фонду Нарында өткөргөн бардык семинарларга катыштым.

Биздин айылга адистер келишип, балдарды карашып, педагогдорго, эмчи айымдарга жана ата-энелерге сунуштарын берип кетишти. Үй-бүлөлөр балдар менен ата-энелердин ортосундагы өз ара катышты чыӊдоого багытталып, ата-энелерге балдарды тарбиялоо жөнүндө керектүү маалыматтар берилди.»

Бүгүнкү күнү Кенжегүл тыгыз иш алып барат, үй-бүлөлөргө барып, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, балдардын сабактарга баргандыктарын көзөмөлдөйт жана алардын кызыгууларына жараша тандоого жардам берет.

Жумуш боюнча ал социалдык коргоо органдары жана аксакалдар кеӊеши менен да кызматташат. Борбор Азиядагы Евразия Фондунун аткаруучу директору Анара Надирбекова белгилеп кеткендей: «Кенжегүл ата-энелердин жана окуучулардын көйгөйлөрүн жакшы сезип, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды түшүнөт. Ушул алты жыл аралыгында ал көптөгөн балдарга жардам бере алды. Анын биринчи инклюзивдик тажрыйбасындагы окуучусу Болот бул жылы онунчу классты аяктайт.»

Мектептин директору Кенжегүлдү абдан баалайт: «Социалдык педагог катары ал дайыма жана бардык жерде баланын кызыкчылыктарын көздөөгө аракет кылат, балдар менен чогуу керектүү                     инстанцияларга барат, аларды бейтапканаларга да алып барат. Биздин көптөгөн окуучуларыбыздын үй-бүлөлөрүндө социалдык көйгөйлөр бар. Көпчүлүк убакта Кенжегүл ата-энелердин жана алардын айлана-чөйрөсүнүн көӊүл кош мамилелерин көрөт. Бирок, биз анын бардык маселелерди чече ала тургандыгын билебиз.»

Борбор Азиядагы Евразия Фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен мектепке жана Миӊ-Булак айылына инклюзивдик билим берүү демилгесин ишке ашырууга жардам берди, ошондой эле, социалдык педагог Бектемирова Кенжегүлгө маалыматтык жана усулдук колдоо көрсөттү.

«Сорос – Кыргызстан» Фондунун билим берүү программасы атайын билим алуу муктаждыктары бар балдардын жана коомдун социалдык аялуу катмарларынан чыккан балдардын билим алуу шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерге колдоо көрсөтөт. Иш мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана билим берүү уюмдарынын ресурстарын Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнүн бир бүтүн моделин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга багытталган милдеттерди ишке ашыруу максатында бириктирүүгө багытталган. Билим алуу ар бир бала үчүн жеткиликтүү болушу керек!