2019-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарынын № 6 үй-бүлөлүк медицина борборунда Кыргызстанда биринчи жергиликтүү адис — аудиологдун кабинетинин ачылышы өтөт.  Аудиологдун кабинети кохлеардык импланттары бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына ачык болот.  Мындан мурун сүйлөө процессорлорун жөндөө кызматтары биздин өлкөдө жеткиликтүү болбой, КРнын жарандары ар 6 ай сайын чет өлкөгө барууга муктаж болушкан.

Жайдын башында Кыргызстандын эки адиси Киев шаарындагы “Жакшы угуу чеберканасы” мектебинде  окуудан өтүп, бардык керектүү билимди, адистештирилген жана өстүрүп өнүктүрүүчү адабиятты  алышып, эми Кыргызстандагы адистерди окутууга киришишти.

Сүйлөө процессорлорун жөндөө боюнча  кыска серепти кохлеардык имплантация системаларын ырастоо боюнча квалификацияны жогорулатуудан өткөн  дарыгер-сурдолог Калыбаева Салыйбубу Бейшембаевна  өткөрөт.

Адистерди окутуу “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен “Өнүгүү” балдар борбору” коомдук бирикмесинин  “Угуу бузулушу  бар балдар үчүн билим берүүнүн  жеткиликтүүлүгү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Аудиологдун кабинетинин ачылышынын убакыты жана орду: 4-ноябрь, 14:00дө, Бишкек ш. №6 үй-бүлөлүк медицина борбору (Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75)

Катышуучулар: Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, «Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлдөрү, сурдолог адистери, сурдолог педагогдору, КИ менен балдардын ата-энелери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

Бардык суроолор боюнча Абдукадырова Саида Абдусалямовнага (директор) кайрылууга болот, телефон номурлары: 0557113317, 0553686768, почта: saidalogoped@gmail.com