«СоросКыргызстан» фондунун «Жарандык катышуу» программасынын алкагында бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарынын (коомдук бирикме, коомдук фонд, юридикалык жактардын бирикмеси, мекемелер) арасында КР шаарларындагы коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү жана шаардык жамааттардын жаңы өз ара алака түзүү форматтарын колдонууга багытталган гранттык сынак жарыялайт.

Сынактын максаты:  Шаардык жамааттардын жаңы өз ара алака түзүү форматтарын жайылтуу менен социалдык жактан маанилүү маселелер боюнча коомдун оюн калыптандыруу үчүн Кыргызстандын шаарларында коомдук мейкиндиктерди колдонуу жана жаңыдан ойлоп чыгаруу тажрыйбасын киргизүү болуп саналат

Сынак:

  • Кыргызстандын шаарларында коопсуз, инклюзивдүү жана жеткиликтүү коомдук мейкиндиктерди жаратууга көмөктөшүүгө;
  • Жарандардын, шаардык жамааттар менен расмий эмес топтордун өз ара аракеттешүүсү үчүн инновациялык жана креативдик амалдарын бул мейкиндиктерде колдонуунун туруктуу тажрыйбасын киргизүүгө;
  • Шаарга болгон укуктарды колдоо жана актуалдуу, социалдык жактан маанилүү көйгөйлөр боюнча коомдук көз карашты түзүүгө жардамдашууга багытталган.

Коомдук мейкиндиктердин негизги баалуулуктары:

  • Коомдук мейкиндик теңчиликти камсыздайт. Коомдук мейкиндик жетишсиз же туура эмес түзүлгөн учурда шаар өз ара бөлүнө баштайт. Адамдар бири-бири менен жолугуп, таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албагандыктан, дин, этникалык өзгөчөлүктөр жана экономикалык макам жагынан чектер пайда болот;
  • Туура пландалган жана тейленген көчөлөр менен коомдук мейкиндиктер, кылмыштуулук менен зомбулуктун азайышына алып келет жана ишенимдүүлүк менен коопсуздукту арттыра алган расмий жана расмий эмес социалдык, маданий, экономикалык ишмердүүлүк үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт;
  • Коомдук мейкиндик жалпы байлык катары адам укуктарын ишке ашыруу, жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн арттыруунун негизги фактору болуп эсептелет;
  • Коомдук мейкиндик маанилүү экономикалык баалуулукту түзөт;
  • Коомдук мейкиндик коомдун түрдүү катмарларынын арасында социалдык кызматташуу, экономикалык алмашуу жана маданий идеяларды ишке ашыруу үчүн көп тармактуу платформа катары каралышы зарыл. Ошондой эле ал адамдардын өнүгүүсүн камсыздоо, тынч жана демократиялык коомду куруу, маданий ар түрдүүлүктү колдоо максатында долбоорлонуп башкарылышы шарт;
  • Коомдук мейкиндик айлана-чөйрөнүн туруктуулугу үчүн критикалык фактор болуп эсептелет. Мындай жол менен мерчемделген жана иштелип чыккан коомдук мейкиндик климаттын өзгөрүшүнө көнүү жана аны жеңилдетүү боюнча стратегияда маанилүү ролду ойнойт.

 Билдирмелерди тандоо шарттары:

  • Долбоор парктар, скверлер, өтмөктөр, клубдар, музейлер, китепканалар жана башка ушул сыяктуу шаардын коомдук мейкиндиктерин өнүктүрүүгө  багытталышы абзел;
  • Долбоордун концептуалдуу мазмуну менен байма-бай өткөрүлүүчү иш-чаралары болушу шарт;
  • Тандалган көйгөй боюнча коомдук талкууларды уюштуруунун конкреттүү планы керек;
  • Долбоорду ишке ашыруу механизмдеринде инновациялык ыкмалар менен креативдик амалдар камтылышы зарыл;
  • Реалдуу жана негиздүү бюджетке артыкчылык берилет;
  • Күтүлгөн жыйынтык кантип бааланаарын, долбоорду ишке киргизгенден тарта анын аягына чейин кандай болжолдуу өзгөрүүлөр болушун көрсөтүү абзел;
  • Долбоор туруктуу болуп, аны ишке ашыруу узак мөөнөттүү натыйжа бериши зарыл;
  • Муниципалитет жана бизнес жамааттар менен кызматташуу артыкчылык болот.

Сынактын шарттары:

  • Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 1 жылдан ашпаш керек;
  • Гранттык сынактын жалпы бюджети: 70 000 АКШ доллары;
  • Жеке адамдардан долбоордук сунуштар кабыл алынбайт;
  • Долбоордо кошумча каржылоо бар болсо каржылоого көмөктөшкөн уюм менен болгон келишимдин (макулдашуу, меморандум) көчүрмөсүн сөзсүз түрдө тиркеп коюу керек;
  • Долбоордук сунуштар кайтарылбайт жана рецензия берилбейт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо процедуралары:

  • Долбоордук сунуштар (БИЛДИРМЕ жана БЮДЖЕТ — үстүнөн басып жүктөп алыңыз) ФСК гранттык билдирмелеринин формасына дал келтирилип, электрондук жана жазуу түрүндө толтурулат;
  • Долбоордук сунуштар кыргыз жана орус тилинде, күнүгө 2020жылдын 5-март саат 15:00кө чейин дем алыш жана майрам күндөрү тышкары кабыл алынат;
  • Электрондук түрдө толтурулган билдирмени жана бюджетти бир кат түрүндө applications@soros.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Ал эми жазуу түрүндө чапталган конверттин тышына “Шаардын коомдук мейкиндиктери” деп баса белгилеп, 720040, Бишкек ш. Логвиненко көч. 55-А, «Сорос-Кыргызстан» фондунун дарегине жөнөтүш керек.

Толук толтурулбаган жана белгиленген мөөнөттөн кийин келген билдирмелер сынак катышпайт;

Аймактардан жазуу түрүндө келе турган долбоордук сунуштардын өз убагында жетүүсүн камсыздоо үчүн аларды курьер аркылуу же болбосо почта менен эртерээк жөнөтүңүз.

Гуманитарык жардам көрсөтүү, социалдык объекттерди куруу, оңдоо жана реконструкциялоо, ошондой эле саясий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча долбоордук сунуштар каралбайт.

Суроолоруңуз бар болсо, Амангелди Жумабаевге, “Жарандык катышуу” программасынын координаторуна кайрылыңыз

тел.: (312) 66-34-75 кошумча:146

amangeldi@soros.kg