«Кел баарлашалы» подкасты аймакмактардагы аялдардын окуялары жөнүндө

Тоолу Арсланбаптагы Ооган-Талаа айылындагы  мугалим болуп иштеген Камбарали кызы Гулназ, элеттеги аялдардын көйгөйлөрүнө кайрылмакчы. Ал айымдардын өздөрүнүн окуялары жөнүндө айтууга мүмкунчүлүк берип, тынчсыздануу менен өзүнүн оюн бөлүшүп, ар бир аялдын жан дүйнөсүнө, анын окуясын жүрөгү менен сезип, подкастын жаңы сандарын жаздырмакчы.

«Аял эч кимге айта албаган сырларын, ичиндеги толтура арман-азаптарын эч ким менен бөлүшкүсү келбейт. Ал алсыздыгын көрсөтпөйт. Бирок жашоодо ушундай мезгил болот, сен эч тааныбаган адамдарга өз сырың менен бөлүшкүң келет. “Кел баарлашалы”подкастында мен аялдар менен баарлашып, аны ойлондурган ичиндеги уйгу-туйгусу менен бөлүшөм. Подкаст бир эле аялдардын көйгөйлөрү эле эмес, алардын жетишкендиктерин да көрсөтө алат. Мен өзүмдүн каармандарымды алыска айылдардан, чыныгы жашоодогу окуяларды алып, чагылдырам. Анткени, мен ошол каармандар менен бирге жашаймын. Алардын тагдырларын көз алдымда күнүгө көрүп, аял жөнүндө подкаст жазууну чечтим», -дейт подкасттын автору Гульназ Камбарали кызы.

“Кел баарлашалы” подкасттында энелердин, кайнене менен келиндин ортосундагы мамилеси, алимент боюнча суроолор жана миграциянын элетке тийгизген таасири, натыйжасы жөнүндө болот. Подкаст эки жумада бир жолу бейшемби күндөрү чыгарылып, алты эсте калаарлык сандан турат, ошондой эле сиздер www.kyrgyzmedia.kg сайтынан да уксаңыздар болот.

ССЫЛКАЛАР

Anchor.fm

Google Podcast

Breaker

Radiopublic

Прослушать тизер подкаста “Кел баарлашалы”