Саламатсыздарбы, кесиптештер, өнөктөштөр, келечектеги грант алуучулар,

Сорос-Кыргызстан билим берүү программасы ачык гранттык “Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо” сынагын жарыялайт.

Билдирмелерди кабыл ала турган акыркы күнү 26 февраль, билдирмелер 15:00гө чейин кабыл алынат.

Толук маалымат https://soros.kg/srs/2020/01/24/inclusive-education-contest-2020/ шилтемеде.

Ачык сынак тууралуу Программанын өкүлдөрү Ош шаарында боло турган жолугушууда толук маалымат айтып беришет. Жолугушууда сынакка кантип катышуу,проекттик документтерди кантип толтуруу, тапшыруу, жана дагы башка көптөгөн суроолорго жооп аласыз. Жолугушуу 12 феральда,саат 14:00, Масалиев 25 А көчөсүндөгү Санрайз мейманканасынын чон конференц заалында өтөт. Жолугушууга катышуу акысыз.

Жолугушууга катышуу чыгымдар(транспорт жана мейманкана),тилекке каршы Фонд Сорос-Кыргызстан аркылуу каржыланбайт.