“Журналисттер” КБ бишкектик журналисттер менен жолугушат

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Тулегенов, “ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг” долбоорунун координатору Марат Токоев жана КР Медиа акыйкатчысы Акмат Алагушев 12-февралда бишкектик журналисттер жолугушушат.

Бул жолугушуу учурунда ЖМКлардын жана журналисттердин укуктарынын бузулушу маселеси тууралуу сөз болмокчу. “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 9 айдан бери ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, журналисттердин маалыматка жетүү маселеси дагы эле эң курч бойдон калууда.

Ошондой эле мамлекеттик жана саясий кызматкерлердин журналисттерди, ЖМКларды сотко берүүсү күч бойдон. Аны менен катар доо арыздардын суммасы да жылдан жылга өсүп баратат. Азыр алардын өлчөмү 1 млн. сомдон кем эмес. Соттор көп учурда ушул сумманы канааттандырууда. Азайтылган күндө да чегерилген сумма ЖМКлар үчүн өтө чоң. Мындай сумманы коюунун максаты – ЖМКны коркутуу же ЖМКнын жабылышы экендиги ачык айкын эле байкалып турат.

Ошондой эле жолугушуу учурунда укуктары бузулганда журналисттер кандай кадамдарды кылышы керек жана дегеле ушундай укук бузуулардын санын кыскартуунун кандай жолдору бар экени тууралуу талкуу болмокчу.

Белгилей кете турган нерсе, өткөн жылдын декабрында жана ушул жылдын январында ушундай жолугушуулар бардык областтарда өткөрүлдү.