“Сорос-Кыргызстан” Фонду коронавирус эпидемиясынын жайылышына каршы ыкчам иш-чараларды жүргүзүү жана эпидемиянын Кыргызстандагы терс натыйжаларын азайтууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жарандык уюмдардын аракеттерин колдоо үчүн 100,000 АКШ долларынын өлчөмүндө Өзгөчө кырдаал корун жаратты.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылышы көрсөткөндөй, мындай кризистик жагдайларда эң маанилүү кадамдар — бул ыкчам реакция жана массалык түрдө вирусту жугузууну алдын алууга багытталган күчөтүлгөн иш-чаралар. Мындай иш-чаралар мамлекеттик органдар гана эмес, эл аралык өнөктөштөр жана өлкөнүн ар бир жараны тарабынан аткарылышы зарыл. Ар бир күн жана саат маанилүү болгондуктан, “Сорос-Кыргызстан” Фонду ыкчам аракеттенүү иш-чараларына багытталган ресурстарын мобилизациялаштырды.

Өзгөчө кырдаал кору эмнени колдойт?

Өзгөчө кырдаал корун жаратууда “Сорос-Кыргызстан” Фонду эки жобого таянды:

1) эң керектүү медициналык каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга ыкчам түрдө колдоо көрсөтүү;

2) маалымат таратуу стратегиясына салым кошуу, медициналык кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдарда иштөөнү үйрөтүүдө көмөк көрсөтүү жана калктын аяр топтору менен иштеген өнөктөш уюмдарды колдоо.

Фонд социалдык адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жарандык уюмдарга колдоо көрсөтүүнү улантат.