“Сорос-Кыргызстан” Фонду (СКФ) КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББжИМ) жана жарандык коомчулуктун Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылуусунун натыйжасында билим берүү жаатында жаралган кризистик кырдаалды калыбына келтирүү багытында биргелешкен аракеттерине колдоо көрсөттү.

Фонд ББжИМне беткаптары жана антисептиктерди берди жана ББжИМне дистанциялык окутуу методологиясын иштеп чыгууга жана мектпекче чейинки жана мектеп курагындагы балдарды окутуу үчүн өлкөнүн бир нече телеканалдарында көрсөтүлүүчү орус жана кыргыз тилдериндеги видео-сабактарды даярдоого техникалык жана методикалык жардам көтсөттү. Видео-сабактар ошондой эле ББжИМнин онлайн-порталында жайгаштырылат. СКФ аталган видео-сабактардын ыкчам жаратуусуна катышкан мугалимдерге гонорар төлөп берүүгө финансылык жардам көрсөтүүдө. Мындан тышкары, СКФ ББжИМне дистанциялык окутуу ыкмалары боюнча окутуучу программаларды жаратууда жана мугалимдер үчүн техникалык онлайн-куралдарды колдонууга көмөк көрсөтүүдө. Бул демилгеге байланыштуу бардык иш-чаралар биздин узак мөөнөттүү өнөктөшүбүз “Социалдык интеграция борбору” уюму аркылуу ишке ашырылат.
КРнын Өкмөтүнүн маалыматы боюнча 8-апрелден тартып бардык мектепке чейинки жана мектеп курагындагы бардык балдардын дистанциялык окутуу мүмкүнчүлүгү болот:
Теле-сабактар КТРК “Баластан” (мектепке чейинки балдар жана 1-4-класстын окуучулары үчүн), ЭлТР “Илим Билим” (5-11-класстын окуучулары үчүн) телеканалдарында жана Санат “Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдарында алардын программалык окутуу тартиине жараша көрсөтүлөт.

Балдар “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” (oku.edu.gov.kg) онлайн-порталындагы электрондук китептер, кошумча адабият, тапшырмалар, видео-сабактар, окутуучу оюндар жүктөлгөн пайдалуу окутуучу материалдарын колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.