Көптөгөн жергиликтүү коомдоштуктар жана жарандык коомчулук уюмдары COVID-19 пандемиясы үчүн өздөрүнүн коомдук иш-чараларын токтотууга мажбур болушту. Карантин жана социалдык аралыкты сактоо мажбурлугу кыргызстандыктардын экономикалык, социалдык жана менталдык бакубатчылыгына катуу таасирин тийгизүүдө. Дал ушул катаал кырдаалда жарандар өз ара жардамдашуу жана колдоо демилгелерине муктаж болуп турушат. Кризитик кырдаалда дал ушул жарандык сектор гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жана психологиялык колдоо көрсөтүүдө эң эффективдүү түрдө иштеп жатты. COVID-19 пандемиясынын учурунда “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Жарандык тилектештик демилгеси жаңы жана буга чейин иштеп келе жаткан өз ара жардамдашуу, менталдык колдоо, жарандык тилектештик жана жергиликтүү коомчулуктардын байланышын күчөтүүгө багытталган демилгелерди колдоо максатында түзүлгөн.

 

Бир жарым айдын ичинде биз Кыргызстандын ар кандай региондорундагы ондогон долбоорлорду колдодук. Бул долбоорлордун көбү бизди ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө өзүнүн өзгөчө жана креативдүү ыкмалары менен таң калдырды. Биз аярлуу топтордун жашоо шарттарын жеңилдетүү, жердештерине билим алууга мүмкүндүк түзүп берүү жана ушул маалда кыйынчылыкка кабылып жаткандарга кам көрүүнү көздөгөн жергиликтүү коомдоштуктар жана активдүү жарандар үчүн кичи гранттарды берүүнү улантуудабыз.

 

Биз Жарандык тилектештик демилгенин алкагында абдан жакшы көрүп жана ыкчам ирээтте колдогон долбоорлордун бири – бул Талас областындагы балдар үчүн мобилдик китепкана. Карантин жана социалдык аралыкты сактоого мажбур болгон окуучулар жана алардын ата-энелеринин жашоосун жеңилдетүү максатында жергиликтүү активисттер Талас областынын райондорун кыдырып, балдарга бош убагында окуп, өнүккөнгө көмөк боло турган китептерди таратууда. ЭлТРдин журналисттери бул демилге тууралуу сонун сюжет тартышып, биз сиздерге дагы бул видеонү көрсөткүбүз келип турат.

 

 

 

Эгер дал ушул маалда жарандык тилектештик жана биримдикти чагылдыруучу долбоор сизде дагы бар болсо, биз сиздин өтүнмөңүздү караштырууга кубанычта болобуз. Өтүнмөнү толтуруу процесси абдан жеңилдештирилген жана сиздин демилгеңизди караштыруунун натыйжасы кыска мөөнөттө айтылат.

 

Жарандык тилектештик демилгесинин сынагы тууралуу маалымат ушул жерде.