Бул изилдөө «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан «Кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик жана укуктук билимдерин жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул иликтөөнү жүргүзүүгө Элмурат Аширалиев тартылган. Бул изилдөөдө кыргыз журналистикасынын учурдагы абалы, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал ага кандай таасир тийгизгенин иликтөө аракети кылынды.

Изилдөө журналисттердин жана эксперттердин арасында онлайн-сурамжылоо жүргүзүү жана фокусттук эксперттик топтордун жыйындарын өткөрүү тууралуу ишке ашырылды.

Аталган изилдөөнү каалаган адам, уюм эркин көчүрүп алалат, бир гана аны колдонууда бул иликтөөнү даярдоого катышкан уюмдардын аталышын жана иликтөөчүнүн аты-жөнүн сөзсүз атоо зарыл.

Изилдөө бул жерде жайгашкан.