СOVID-19 пандемиясына байланыштуу КР Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 8-апрелинен тартып өлкөнүн мектептерине жана жождоруна аралыктан окутууну киргизди. Биринчи класстын окуучулары үчүн кадимки окуу режими калтырылды. Бирок 11-ноябрда өлкөнүн1 489 жалпы билим берүү мекемелеринде кадимки окуу режими калыбына келтирилди.

«Дээрлик 99% мектепте интернет бар, бирок 775 мектепте интернеттин ылдамдыгы жай. 20 мектепте интернет таптакыр жок, биз ал жакка ilimBox – бардык билим берүү ресурстарына интернетке кошулуусуз жетүүгө мүмкүн болгон түзүлүштү орнотуп берүүнү чечтик», – деп билдирди КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

«Биздин мугалимдер мектепке күн сайын саат 8.00гө келишет жана 15.00гө чейин иштешет. Мугалимде интернет жок болгонуна байланыштуу, өзүнүн сабактарын телесабактын негизинде өтүүгө аргасыз болушат. Аларда өзүнүн баяндамаларын даярдоого жана окуучулар менен кайтарым байланышка чыгууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондо, пандемиядан улам балдарды мектепке окута албай жатсак, интернет көйгөйүнөн улам аралыктан да окута албай жатабыз. Бирок ата-энелер балдарын кандайдыр бир жолдор менен окутууну талап кылып жатышат. Көрүнүп тургандай, бардык эле балдар телесабактарды түшүнө беришпейт, айрым окуучулрага жаӊы теманы дагы бир жолу түшүндүрүүгө туура келет. Биринчи кезекте бул кенже класстын окуучуларына тиешелүү, анткени алар өз алдынча окууга али даяр эмес», – дейт Кызыл-Ой айылындагы мектептин директору Гульмира Султанова.

Кызыл-Ой айылынын үчүнчү класстын окуучусу Аэлита Токтоболотова:

«Мага ТВ менен көрсөтүлгөн сабактар жагат, бирок мен кээде телесабактарды түшүнбөй калам, анткени алар бат-баттан көрсөтүшөт. Ошондуктан биз апам экөөбүз сабактарды кийин дагы бир жолу көрүү үчүн телефонго тартып алабыз. Телефондон телевизордогудай жакшы көрүнбөйт, бирок башка айла жок, ушинтип окууга туура келет».

«Балдар телесабактар аркылуу окушат, ал эми биздин мугалим сабакты WhatsApp менен өтөт. Байланыш сапатынын начардыгынан улам Zoom же Google classroom платформаларын пайдалана албайбыз. Биздин мугалимдер жана окуучулар уюлдук байланыш үчүн чыгымдарды өздөрү төлөшөт. Биздин айылда балансты толуктай турган бир дагы пункт жок – биз коӊшу айылга же Жалал-Абадга барууга аргасызбыз. Ата-энелердин бардыгы эле балансты өз убагында толуктай алышпайт, ушундан улам балдар кээде аралыктан окутуу сабактарын окубай калышат», – дейт Сузак районундагы айылдык мектептин директору Шарип Айтов.

«Менин төрт балам бар. Эӊ кенжеси биринчи класста, ал мектепке барат, ал эми калгандары аралыктан окушат. Бул окуу жылынын башталышында биз улуу балабызга 10 000 сомго смартфон алып бердик, эки кызыбыз болсо бир смартфонду бирге пайдаланып окушат. Андан тышкары, биздин айылда байланыш кызматына төлөөчү жер жок, бул үчүн башка жакка баруу керек же ар дайым эле акча боло бербейт», – дейт төрт баланын апасы Жапарова Матлюба.

PISA (Эл аралык окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо программасы) маалыматы боюнча Кыргызстанда эӊ жакыр үй бүлөлөрдүн балдары өз теӊтуштарынан эки жарым жыл артта калышат. Аралыктан окуудагы ажырым канчалык күчкө ээ экенин айтуу кыйын, бирок финансылык көйгөйлөр мектеп билимин алууга чыныгы тоскоолдукту жаратты.

2019-жылдагы КР расмий статистикасы боюнча 1,3 млн адам өтө жакыр жашашат, алардын ичинен 73,8% – айыл тургундары. Төмөн кирешелүү үй бүлөлөрдөгү финансылык көйгөйлөр балдардын окууга жетүүсүн чектейт.

«Менин беш балам бар. Алардын төртөө мектепке барат. Кенжесине телефон кереги жок, ал эми үчөө бир телефон менен окушат. Жубайым экөөбүздүн ар бирин телефон менен камсыз кылууга финансылык мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биздин өзүбүздүн үйүбүз жок, батирди ижаралап турабыз. Мен курулушта иштейм, ал эми жубайым «талаада» иштеп акча табат. Үчөө телефонду бөлүшө албай жатканын көрүп, жүрөгүм өйүйт, телефондон башка дагы аларды ичинтип-кийинтүү дагы керек да», – дейт Сосновка айылынын жашоочусу Арипов Кеӊеш.

Айрым учурда, мугалимдер сабактарды кечки убакка жылдыргууга аргасыз болушат дейт Сосновка айылынын баштапкы классынын мугалими Динара Асаналиева: «Мен көпчүлүк ата-энелердин өтүнүчү боюнча сабакты 17.00дө баштайм, анткени балдар күндүзү жумушта болгон ата-энелеринин телефондору менен аралыктан окууга киришет. Окуу жылынын башында активдүү кирип жатышкан, андан соӊ акырындап сабакка аздан катышып калышты. Балдар бат чарчашат: смартфондо бир нече сааттап отуруу чоӊдорго дагы оор. Мисалы, мен көз басымын «иштеп таптым», азыр көрүүм начарлады».

«Аралыктан окутуу сабактарын өтүү үчүн мен интернеттен керектүү маалыматтарды табам, өзүмдүн баяндамамды жасайм, андан кийин сүрөткө тартам жана WhatsApp колдонмосу аркылуу окуучуларга жөнөтөм. Ар бир сүрөткө сабакты түшүндүрүү менен үн билдирүүсүн кошо жиберем. Кайтарым байланышты алуу үчүн суроолорду берем жана окуучулардын аудио түрүндө оозеки жоопторун алам, ал эми жазуу түрүндө тапшырмаларды дептерлериндеги жазууну сүрөткө тартып жөнөтүшөт», – дейт Айгуль Мамбеталиева, Чаек айылынын мектеп-гимназиясынын тарых мугалими. Мугалимдин пикири боюнча онлайн баяндаманы даярдоо, WhatsApp колдонмосу аркылуу жөнөтүлгөн отчетторду текшерүү көп убакытты алат.

Беловодское мектебинин математика мугалими Наталья Олейникова окуучулар өтүлгөн материалды тез эле унутуп жатышканын белгиледи: «Азыр окуучу, мугалим жана ата-эненин ортосундагы кайтарым байланыш жеткире иштелип чыга элек. Менин оюмча, бул аралыктан окутуунун маанилүү көйгөйлөрүнүн бири. Жаӊы теманы бардык эле окуучулар түшүнө беришпейт, өзгөчө математиканы. Мектепте негизинен балдар маселени чыгарышат, мугалим түшүндүрөт, оӊдойт. Бул жандуу өз ара байлагыш окуучулардын билим көндүмдөрүн курчутат. Аралыктан окутууда балдардын убактысы чектелүү, жана азыр аларга класттык сааттарды жана үй тапшырмаларын дагы өз алдынча иштөө абдан кыйын болууда. Техникалык мүчүлүштүктөр дагы окутуунун сапатына терс таасирин тийгизүүдө».

Айрым педагогдор мектеп окуучуларынын жакшы баа алуу жана чечүүнүн жеӊилдиги аныктоочу болоруна тереӊдеп кирүүгө аракет кылбастан, женил жол менен Интернет булактарынан жоопторду көчүрүп алып жатканын белгилешет. Ошондуктан ал жооптордун видеоотчетун жиберүүнү сурайт.

«Баштапкы этапта өлкөдө электр энергиясы жок мектеп, регион бар деген маалымат жок болчу. Аралыктан окутуу боюнча долбоорду пландоо менен, Интернет байланышын камтуу жөнүндө гана ойлондум, бирок долбоорду ишке ашырууда билим берүү ресурсуна жетүү үчүн көйгөйлөрдүн жаӊы аспекттерин билдим. Негизги сабак – эӊ эле күтүүсүз окуяларга даяр болуу. Алсак, коронавирус пандемиясы долбоордун концепциясын толугу менен өзгөрттү. Жаӊы чакырыктарды эске алуу менен концепцияны жаӊылоого тездик жана ийкемдүүлүк гана жардам берди», – деп жыйынтыктайт, алыстан туруп окутуу жөнүндө фотодолбоордун автору Максат Осмоналиев.

Долбоор Максат Осмоналиев тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда ишке ашырылган. Бул материалдын мазмуну долбоордун авторунун жоопкерчилигинин предмети болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.