«Сорос-Кыргызстан» Фонду Маалымат программасынын алкагында «Теңчилик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин жайылтуу үчүн Civic Tech долбоорлорун (жарандык технологияларды) колдоо боюнча инновациялык фонд» деген темада гранттык конкурстун башталгандыгы тууралуу жарыялайт.

COVID-19 пандемиясы көптөгөн жарандардын экономикалык абалдарын катуу начарлатты, мында формалдуу эмес экономикада иштеген, иш жүзүндө киреше булактары жок калган адамдар бир кыйла аялуу болуп калышты. Өткөн жылдагы кырдаал  байлар менен кедейлердин ортосундагы, региондор менен шаарлардын ортосундагы ажырымды кеңейтип, социалдык теңсиздикти күчөттү. Ошону менен бирге дал ошол жыл жарандык активизмдин жана жарандык жоопкерчиликтин өнүккөн деңгээлин көрсөттү.

Бул конкурс Civic Tech (жарандык технологиялар) жаатындагы долбоорлорду – социалдык теңсиздикти азайтууга, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө, коомдун аялуу катмарларын колдоого, жарандык өз ара иштешүүнү күчөтүүгө багытталган куралдарды жана сервистерди колдоого багытталган. Civic Tech куралдарын пайдалануу жарандарга белгилүү теманы чечүүнүн айланасында биригүүгө, социалдык өзгөрүүлөргө мүмкүндүк түзүү жана тартуу үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет. Мындай технологиялар билим берүү, саламаттык сактоо, волонтерлук практиканы өнүктүрүү, СМЧА жана инклюзиялар көйгөйлөрүн чечүү, бир кыйла сапаттуу чечимдерди талдоо жана жайылтуу үчүн ачык маалыматтарды колдонуу сыяктуу абдан ар түрдүү тармактарда маселер боюнча жарандарды бириктириши мүмкүн.

Биз өз ара жардамдашуу коомдук топторун жана коомду консолидациялоонун кезектеги процесстерине жардам көрсөтүүчү долбоордук идеяларды алууга кызыкдарбыз. Бир кыйла аялуу социалдык топторду колдоо үчүн коомчулук менен бизнестин өз ара аракеттеринин архитектурасын тууралоо. Ачык маалыматтарды пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча идеялар кубаттоого алынат.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жарандар тарабынан маалыматтарга сурамды колдоо (demand-side) мамлекет тарабынан активдүү ачык маалыматтар (supply-side) үчүн маанилүү фактор болуп саналарын тастыктайт. Башкача айтканда, маалыматтарды чогултуу гана эмес, аларды пайдалануу дагы бир кыйла маанилүү болуп саналат жана жарандык технологиялар бул милдеттерди чечүүнүн бири болуп калат.

Конкурстун максаты: жарандар тарабынан пандемия учурунда социалдык маселелерди чечүү үчүн бизнес менен жарандык уюмдардын натыйжалуу кызматташууларын тууралоодо жарандык бирикмелердин өз ара натыйжалуу иштешүүлөрүнө, бийлик менен коомдун өз ара аркеттенүүлөрүнө мүмкүндүк түзгөн инновациялык IT-чечимдерин түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоо.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду милдеттери төмөнкүлөр болуп саналган долбоорлорду колдойт:

  • укуктук коргоо мониторингин, жарандык катышууну, инклюзияларды жана адам укуктарын коргоону күчөтүү үчүн IT-технологияларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
  • жогорку деңгээлдеги социалдык маанилүү IT-сервистерин иштеп чыгуу, жогорку социалдык же экономикалык натыйжаларга жетишүү үчүн МТны колдонуунун жаңы методологияларын жайылтуу;
  • билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо системалары, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, волонтерлукту координациялоо ж.б. чөйрөлөрүн реформалоого жана жакшыртууга багытталган IT-сервистерди жайылтуу;
  • коррупциянын деңгээлин азайтууга, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде башкаруу процесстерине жарандарды тартууну жогорулатууга багытталган IT-чечимдерин жайылтуу.

Өтүнмөлөрдү тандоонун критерийлери:  

  • конкреттүү кырдаалда долбоорду аткаруунун реалдуулугу;
  • сунушталган иш-чаралардын креативдүүлүгү жана инновациялуулугу;
  • долбоорду түзүүгө, талкуулоого жана ишке ашырууга тартылган кызыкдар пайдалануучулардын жана өнөктөштөрдүн, жарандардын кеңири чөйрөсүнүн болушу;
  • долбоорлорду финансылоонун жана монеталаштыруунун кошумча моделинин болушу;
  • долбоорду иштеп чыгуунун толуктугу: этаптуулугу, коомдоштуктарды тартуунун схемалары, финансылоо, рынокто жайылтуу ж.б.у.с.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуунун жана тандоонун жол-жоболору:

  • Конкурска коммерциялык эмес уюмдар (КБ, КФ, ЮЖБ, мекемелер, КФУ), билим берүү мекемелери, ошондой эле коммерциялык уюмдар катыша алышат.
  • Конкурстук долбоорлордун мөөнөтү: 1 жылдан ашык эмес.
  • Бир гранттын бюджетинин максималдуу суммасы : 20 000 АКШ долларына чейин.

Биринчи этапта долбоордун концепциясы жана чыгымдардын негизги статьялары менен бюджет гана онлайн кабыл алынат. Экинчи этапта тандалып алынган өтүнмөлөр үчүн гана басма жана электрондук түрдө жана коштомо документтердин толук пакети көрсөтүлгөн «Сорос-Кыргызстан» фондунун гранттык өтүнмөсүнүн формасына ылайык долбоордук сунуштарды берүүгө сурам жасалат.

Долбоордун концепциясы «Сорос-Кыргызстан» фондунун – Маалыматтык программасын, ошондой эле 2021-жылдын 5-мартына, 16:00гө чейин конкурстун аталышын көрсөтүү менен биздин сайтта онлайн толтурулушу керек. Көрсөтүлгөн убактан кеч толтурулган долбоорлордун концепциялары кароого кабыл алынбайт.

Бардык маселелер боюнча Маалыматтык программасына кайрылууга болот:
Лира Самыкбаева, Маалыматтык программанын директору
lira@soros.kg
0 (312) 663 475 (доб. 142)