«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Демократиялык башкаруу» программасынын алкагында «Кыргызстандагы коррупция көйгөйлөрүн иликтөө» темасында изилдөөлөр конкурсун жарыялайт

Коррупция Кыргызстандагы башкаруудагы  жана өнүгүүдөгү эң маанилүү көйгөй. Акыркы убактардагы коомдук пикир сурамжылоолорунун баарында, коррупция өлкөнүн эң маанилүү илдеттеринин бири катары аныкталууда. Ошондой эле, өлкө жетекчилиги да коррупцияга каршы күрөштү туруктуу түрдө эң приоритеттүү максат деп атап келет. Бирок, маселе ордунан жылбай эле, Кыргызстан ашкере коррупциялашкан өлкө бойдон калып, көйгөй коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө жана деңгээлдеринде орун алып келет.

Коррупциянын терс таасирлери сансыз. Чечим кабыл алууда жарандардын кызыкчылыктарын жана талаптарын толук кандуу эске алууга так ошол коррупция жол бербейт. Коррупция коомдогу ресурстардын жана жетишкендиктердин теңсиз жана адилетсиз бөлүштүрүлүшүнө жол ачат. Коррупциянын айынан, мамлекеттик башкарууга сапаттуу кадрлар келбей, жетекчилик катарларында жаңылануу болбой келет. Мыйзамдардын тактыгын, менчиктин жана ишкердиктин коопсуздугун, инвестициялардын коопсуздугун кепилдөөнү талап кылган мамлекеттик негизги максат – туруктуу экономикалык өнүгүү – коррупциялык көрүнүштөрдөн улам ал да солгун.

Коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чараларга карабастан, Кыргызстанда коррупциянын улана беришин эмне менен түшүндүрсө болот? Кыргызстандагы коррупциянын туруктуулугуна кандай көрүнүштөр, ченемдер, механизмдер, баалуулуктар өбөлгө болуп жатышы мүмкүн? Мамлекеттик башкарууда жана өлкө коомчулугунда коррупцияны натыйжалуу жоюу жана алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Коррупция менен күрөштө кайсы факторлор, процесстер, куралдар үзүрлүү болушу мүмкүн?

Конкурстун максаты:

Ушул суроолорго жооп издеп, “Демократиялык Башкаруу” программасы изилдөөчүлөр арасында гранттык сынагын жарыялайт. Бул сынактын максаты — кызыкдар жана квалификациялуу изилдөөчүлөрдү коррупциянын ар кандай аспектилерин олуттуу талдап чыгууга чакыруу жана бул көрүнүшкө каршы аракет үчүн жигердүү, практикалык иш-чараларды аныктоо жана сунуштоо.

Программанын бул иш-чарасы – изилдөөлөр сериясы – Фонддун өзүнө дагы, башка бардык кызыкдар тараптарга дагы, алардын Кыргызстандагы коррупцияга каршы аракеттери үчүн күчтүү эмпирикалык негизди камсыз кылууга багытталган. Атап айтканда, бул изилдөөлөр коррупцияга алып келчү укуктук, саясий, экономикалык ж.б. механизмдерди айкындоого, коомдогу, коомдук институттардагы, маданияттагы коррупцияга өбөлгө болчу конкреттүү факторлорду аныктоого умтулушу зарыл. Ошондой эле, бул изилдөөлөр жемкорлукту изилдөө менен бирге ага каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларын, чараларын, механизмдерин изилдеп, сунушташы керек.

Сынакка ылайыктуу темалар жана алкактар тууралуу:

Ар бир сынакка жиберилген изилдөө сунушу белгилүү бир теманы, көйгөйдү жана изилдөө суроолорун, тиешелүү изилдөө ыкмаларын жана материалдарын айкын көрсөтүшү зарыл. Изилдөөнүн тандаган басымы ар кандай болушу мүмкүн: өзгөчө маанилүү болгон бир институт болушу мүмкүн, өзгөчө бир мыйзам, жол-жобо же башка мыйзамдык-ченемдик акты болушу мүмкүн, өзгөчө бир экономикалык тармак, өзгөчө бир социалдык-маданий көрүнүш, өзгөчө коррупцияга тиешелүү болго маалыматтык жана коммуникациялык агымдар жана ушу сыяктуу чектелүү, конкреттүү тема болушу мумкун. Ар бир изилдөө долбоору алынган теманы олуттуу түрдө талдоого жана ачыктоого, жана ага каршы аракет боюнча практикалык, негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга багытталуусу зарыл.

Бул сынактын максаты илимий изилдөө эмес, бирок изилдөөчү кийин өз алдынча чыгармасын илимий маңызда өөрчүтүп, басып чыгарууга укуктуу. Азыркы конкурстук тапшырманын максаты болсо – кенен форматтуу policy paper үлгүсүндө жазылган практикалык аналитикалык  жазма болуп, ошол эле учурда методология жагында илимий иштердин кылдаттыгы менен аткарылган иштер.

Кийин, изилдөө иши аяктагандан кийин, жетишилген натыйжаларга жана сунуштарга ылайык, аткарылган эмгектердин мазмунун жайылтууда, алардан келип чыккан орчундуу чараларды алдыга түртүүдө жана башка демилгелерди иштеп чыгууда жана колдоодо, СКФ менен изилдөөчүнүн/лөрдүн андан ары да кызматташуусу күтүлөт.

Критерийлер:

Арыздар эки этап менен каралат.

  • Биринчи этапта, концепт-арызы изилдөө проблемасын жана суроолорун, методологиясын, маалымат чогултуу жана талдоо методдорун кыска жана так көрсөтүп, жогорудагы максаттарга шайкеш келген жана реалдуу изилдөө планын сунушташы керек.
  • Кыска концепт-арыз тандаган темасы боюнча буга чейин башкалар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө иштери боюнча, тандалган чөйрөдөгү учурдагы коррупцияга каршы чаралар боюнча, иштеп жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө, негизги адабияттар жана эл аралык тажрыйба жөнүндө изилдөөчүлөрдүн тийиштүү деңгээлде даярдыгын далилдеши керек.
  • Экинчи этапта, тандоонун экинчи этабына чакырылган талапкерлер, ФСК командасы менен талкуудан кийин, кененирээк, деталдуу изилдөө планын жана бюджетин иштеп чыгышат.

Күтүлгөн чыгармалар:

  • Толук кандуу изилдөө иши (негизги чыгарма, policy paper) — 15-20 барак (бирок бул милдеттүү көлөм эмес, жана ар бир иштин ар кандай факторлорунан көз каранды).
  • Кыскача аналитикалык жазма (туунду чыгарма, policy brief) – 4 барак, изилдөөнүн негизги мазмунунун жана сунуштарын камтыган кыска, практикалык материал.

Конкурстун шарттары:

  • Конкурска жеке жана юридикалык жактар ​​( изилдөөчүлөр, аналитикалык борборлор, изилдөө агенттиктери жана башка Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде катталган коомдук уюмдар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар)) катыша алышат;
  • Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 6 ай;
  • Суралган бюджет реалдуу жана негиздүү болушу керек;
  • Долбоордук сунуштар кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

  • Алгачкы этапта, концепт-арызы атайын формага ылайык электрондук түрдө толтурулушу керек. Концепт-арызын ушул жерден жүктөп алсаңыз болот.
  • Сканерден өткөн концепт-арыз applications@soros.kg электрондук дарегине, «Коррупцияны изилдөө боюнча сынак» белгиси деген кат темасы менен жөнөтүлүшү керек.
  • Арыздар ар күн (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары) 2021-жылдын 15-мартына, 15:00гө чейин кыргыз же орус тилинде кабыл алынат.
  • Толук эмес толтурулган жана белгиленген мөөнөттөн кийин берилген арыздар кароого кабыл алынбайт.
  • Акыркы этапка тандалып алынган талапкерлерден, экинчи этапта, негизги гранттык арызды жана деталдуу бюджетти толтуруп тапшыруу суралат. Документтердин формаларын бул жерден жүктөп алууга болот.

Байланышуу үчүн:
Баглан Мамаев – «Демократиялык башкаруу» программасынын координатору
тел.: (312) 66-34-75 кош.104
baglan@soros.kg

Жоомарт Ачекеев – «Демократиялык башкаруу» программасынын координатору
тел.: (312) 66-34-75 кош.131
joomart@soros.kg