«Менин санариптик укугум» гранттык конкурсуна ким жана кантип катышса болот? Ушул жана башка суроолордун жообу, кантип арыз тапшырса болот, кандай идеялар кабыл алынат, долбоорлор кандайча жана кайсы мезгилде ишке ашырылып жатат, сиз «Сорос-Кыргызстан» Фондунун маалымат жолугушуусунан билип алсаңыздар болот.

«Менин санариптик укугум» гранттык конкурсу боюнча маалыматтык жолугушуу 2-март, Шейшемби күнү, саат 10:00дө өтөт. Жолугушуу Zoomда болот. Конкурска катышууну каалагандар баардык суроолорго толук жооп ала алат.

Спикерлер:
– Шамиль Ибрагимов, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору
– Лира Самыкбаева, Маалыматтык программанын директору

Жолугушуу күнү: 2-март, саат 10:00.

Конференцияга шилтеме бул жерде.
Конференциянын идентификатору: 879 0443 7809
Кирүү коду: 932992

Жолугушуунун алдында, атайын даярдалган видеотасмаларды көрүүнү сунуштайбыз, анда санариптик укуктар темасы кененирээк ачылат. Бул видеолор биздин «Менин санариптик укугум» гранттык конкурсуна катышууга жардам берет.

_________
«Менин санариптик укугум» гранттык сынагы Кыргызстандагы санарип укуктарын коргоо жаатындагы долбоорлорду колдоого багытталган.

Конкурстун максаты: санариптик чөйрөдө купуялуулукту, санариптик укуктарды, персоналдык маалыматтарды коргоо маселелерине жарандарды окутуу жолу менен, анын ичинде өздүк санариптик коопсуздугун камсыздоонун белгилүү ыкмаларын жана технологияларын пайдалануу жолу менен санариптик укуктарды жайылтууга жана коргоого багытталган долбоорлорду колдоо.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 5-март, 16:00гө чейин.
Конкурс боюнча толук маалымат бул жерде.

📩 lira@soros.kg
☎️ 0 (312) 663 475 (доб. 142)