Дмитрий Ложниковдун «Кыргызстандын тарыхы жөнүндө сматрфондор үчүн документалдык чакан-сериал» долбоору «Жаӊыча мамилелерди жана платформаларды пайдалануу менен социалдык олуттуу темалар боючна медиа демилгелерди колдоо» конкурсунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан колдоого алынган. Бул Кыргызстандын аймагында 1918-20-жж. жарандык согуштун жагдайларына арналган документалдык тасмалар. Ар бир сериясы аталган тарыхый мезгилдин айрым эпизоддоруна арналган.

Жылдын жыйынтыгы менен Facebook баракчалары үчүн беш серия түзүлдү. Сериялардын хронометражы 10 мүнөттөн тартып 16 мүнөткө чейин түзөт. Платформа жүргүзүлгөн контентке күн мурунтан жайгаштыруу менен жасалган. Бул баракчада эки айга чейин Кыргызстандын тарыхы жөнүндө башка материалдар жарыяланып турду.

«Долбоорду ишке ашыруу өтө кыйынга турду. Олуттуу тоскоолдуктар катары коронавирус пандемиясы жана карантиндик чаралар, атап айтканда китепканадардын жана архивдердин жабылышы болду. Бир кыйла маанилүү сабак болуп факт түрүндө архивдик видеонун жана фото сүрөттөрдүн тажрыйба жүзүндө толугу менен Кыргызстандын тарыхы жөнүндө видеоконтентти түзүүгө болгон аракет саналат. Бардык видеокатар жетишерлик шарттуу элестүү шайкештикте тандоонун негизинде түзүлдү. Кадрларды секунд баюнча так дал келтирип тандоого туура келди. Видеокатарларды терс баалоонун жоктугу боюнча бул тажрыйба канчалык ийгиликтүү болгонун айтууга болот», – дейт, видео жаратуунун кыйынчылыктары жөнүндө долбоордун автору Дмитрий Ложников.

Автордун пикири боюнча бул тажрыйбаны келечекте дагы колдонууга болот. Бирок бул үчүн, жеке шайкеш келген элестүү түшүнүктү калтыруу максатында жүздөгөн тарыхый фото сүрөттөрдү, ондогон көркөм тасмаларды изилдөөгө туура келди. Биринчи тажрыйба жана сабак видеоархивдерди жана фото сүрөттөрдү техникалык иштеп чыгуу – алардын сапатын жакшыртуу, элестүү шуулдоону азайтуу болду.

«Чындыгында күтүүсүз болгон маанилүү ийгилик, анын материалдык мазмунунун жана берүү ыкмасынын тегерегинде жандуу талкууга айланышы болду. Чакан-сериалга карата таасирлер өтө ар түрдүү болду – бул толугу менен кабыл албоо жана өтө терс жана конструктивдүү сындар жана талашсыз жактыруу жана суктануу. Башка байкоо – коомдо баары бир Кыргызстандын тарыхына болгон кызыгуу чоӊ, бул өлкөнүн өткөнү менен байланышкан жалпы элестүү контенттин жетишсиздиги менен байланыштуу», – деп, жыйынтыктайт өзүнүн тажрыйбасын Дмитрий.

Азыркы учурда сериялардын телекөрсөтүү версиясы кайрадан иштелип жатат.

«Кыргызстан хроникалары» чакан-сериалы Youtube-да жеткиликтүү:

  1. Кыргызстан хроникалары: Беловодское көтөрүлүшү
  2. Кыргызстан хроникалары. Наполеон Жалал-Абадда
  3. Кыргызстан хроникалары. Кол башчынын жеӊилиши
  4. Кыргызстан хроникалары. Кызыл басмачы
  5. Кыргызстан хроникалары. Нарын козголоӊу