«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Искусство жана маданият» программасынын алкагында Кыргыз Республикасында маданий чөйрөнү жана маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган искусство жаатындагы долбоорлорду жана демилгелерди түзүүгө жана жүзөгө ашырууга жеке адамдар жана коммерциялык уюмдар үчүн искусство жаатында гранттык конкурс жарыялайт.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун искусство жана маданий чөйрөсүндөгү гранттары Кыргызстанда потенциалдуу маданий түйүндөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Чыгармачылык иштин багыттарын тандоо чектелбейт. Чыгармачылык иштин жаңы багыттарын, формаларын жана маанилерин ачып берген демилгелер кубаттоого алынат.

Өтүнмөлөрдүн баалоонун критерийлери:

  • Долбоордун туруктуулугу жана түзүлгөндөн кийин анын аткарылышы
  • Өнөктөштүктүн болушу, бирге каржылоо жана/же жеке салым кубаттоого алынат
  • Долбоорду ишке ашыруунун географиясы

Өтүнмө берүүчүгө коюлуучу критерийлер:

  • Маданиятта жана искусстводо иштеген ишмерлер;
  • Коомдук, коммерциялык эмес уюмдар;
  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • Өтүнмө берилген багыттагы иште тажрыйбасынын милдеттүү түрдө болушу

Инфратүзүм долбоорлору боюнча өтүнмөлөр колдоого алынбайт (имаратты оӊдоо, жабдууларды, техникаларды, музыкалык аспаптарды ж.б. сатып алуу)

Гранттар жеке адамдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга жеке грант түрүндө 12 (он эки) ай мөөнөткө чейин берилет.

Өтүнмө берүү үчүн документтер:

  1. Жеке грантка толтурулган өтүнмө (өтүнмөнүн формасын көчүрүү)
  2. Демилгелердин эркин формада (Excel) толтурулган бюджети
  3. Мурдагы иштердин презентациясы (эгерде болсо)
  4. Медиада долбоорду өнүктүрүү планы
  5. Долбоор түзүлгөндөн кийин ишке ашыруу планы
  6. ID жана чет элдик паспорттордун көчүрмөлөрү
  7. Уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн мамлекеттик көчүрмөсү (коммерциялык эмес уюмдар үчүн)

Толук эмес өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт.

Тандоо процесси эки этапта өткөрүлөт:

  • Суралган документтердин толук топтому менен келип түшкөн өтүнмөлөрдү биринчи этапта тандоо жана кыйла ылайык келген талапкерлерди маектешүүгө чакыруу.
  • Жеке маектешүүнүн негизинде программанын катышуучуларын тандоо аркылуу экинчи этапта тандоо жүргүзүлөт.

Конкурстун мөөнөттөрү жана байланыш маалыматтары:

Бардык кызыкдар талапкерлер жогоруда саналган документтерди applications@soros.kg дарегине «Искусство жаатындагы грант» темадагы кат менен электрондук версияда жөнөтүүгө тийиш. Өтүнмөнүн чыгарылган көчүрмөсүн Бишкек ш., Логвиненко көч., 55А дарегине жиберүү керек. Өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт. Жазуу же электрондук түрдөгү бир гана өтүнмөнү жөнөтүү жетиштүү.

Өтүнмөлөр 2021-жылдын 19-апрели саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Конкурска катышуунун шарттары менен кылдат таанышууну өтүнөбүз. Суроолор болсо, ошондой эле өтүнмөнүн электрондук версиянын алынгандыгын тактоо үчүн «Искусство жана маданият» программасынын директору Виктория Юртаевага viktoria@soros.kg  дареги боюнча кайрылууга болот.

«Искусство жана маданият» программасынын гранттык конкурсу жөнүндө маалыматтык жолугушуу 27-мартта (Ишемби күнү) 15.00дө «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кеӊсесинде Бишкек ш., Логвиненко көч., 55А дареги боюнча өтөт.