Бүгүн Каракол шаарында Каракол шаарынын Областтык үй бүлөлүк медициналык борборунун имаратында Ысык-Көл областы үчүн япон элинин атынан 950 000 сомдон ашык суммадагы жеке коргонуу каражаттары өткөрүп берилди. «Сорос-Кыргызстан» Фонду Pricer Bishkek япон IT-компаниясынын өтүнүчү менен регион боюнча Жеке коргонуу каражаттарын бөлүштүрүүгө көмөк көрсөттү. Иш-чарага Pricer Bishkek компаниясынын башкы директору Юя Коматсу мырза, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов, «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Айбек Мукамбетов, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл областындагы координатору жана Каракол шаарынын Областтык ҮМБ директору Жибек Жайылмышова, ошондой эле башка ооруканалардын өкүлдөрү катышышты. Pricer Bishkek япон компаниясы тарабынан бардыгы 944 комплект жеке коргонуу каражаттары сатып алынган.


ЖККлар Ысык-Көл областынын төмөнкү медициналык мекемелерине бөлүштүрүлдү:

  • Каракол шаарындагы Областтык үй бүлөлүк медицина борбору
  • Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасы
  • Ак-Суу ЖДПБ
  • Түп ЖДПБ
  • Ысык-Көл ЖДПБ
  • Балыкчы ЖДПБ
  • Тоӊ ЖДПБ
  • Жети-Өгүз ЖДПБ
  • Ананьево ЖДПБ

Жибек Жайылмышова япон элине, атап айтканда Pricer компаниясына жана Коматсу мырзага, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» Фондуна өз убагында көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Шамиль Ибрагимовдун айтымында, азыр COVID-19 мезгилинде ушундай анча чоӊ эмес долбоорлор жана өз ара колдоо аркылуу улут ичиндеги жана улут аралык ишенимди калыбына келтирүү маанилүү.

Бишкекте жайгашкан Pricer япон IT-компаниясынын филиалы – Pricer Bishkek, 2020-жылдын декабрынан тартып 2021-жылдын январына чейин COVID-19 пандемиясы мезгилинде Кыргызстанга жардам берүү үчүн Японияда краудфандинг (элдик каржылоо) уюштурган. Жыйынтыгында Ысык-Көл областынын орруканаларынын дарыгерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга – 1 230 000 япон йени – 950 000ден ашык сом чогултулган. Ысык-Көл областынын кыйла муктаж болгондоруна жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берүү үчүн ар түрдүү мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөрдү талдоо менен, Pricer Bishkek гуманитардык жардамды өткөрүп берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен «Сорос-Кыргызстан» Фондуна кайрылууну чечкен. Азыркы учурда Фонд «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын алкагында Ысык-Көл областында чоӊ долбоорду жүргүзүүдө, коронавирус боюнча абалды болжолдоп жана дарыгерлерди пандемиянын кийинки толкунуна даярдап жатат.

26-мартта Бишкекте «Сорос-Кыргызстан» Фондуна Ысык-Көл областынын ооруканалары үчүн жеке коргонуу каражаттарын расмий өткөрүп берүү болу өттү. Салтанатка ошондой эле Юя Коматсу мырза, Шамиль Ибрагимов жана Айбек Мукамбетов катышты. 2020-жылы дагы Pricer Bishkek
«Сорос-Кыргызстан» Фондунун гумжардамдарды бөлүштүрүүдөгү көмөгү менен мобилдик бригадаларга жана медициналык мекемелерге өз күч-аракеттери менен гуманитардык жардам көрсөтүшкөн.