Өткөн жумада «Журналисттик изилдөөлөр фонду» КФ «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда Ош шаарында журналисттер үчүн «Журналисттик иликтөө: идея жана ишке ашыруу» офлайн-тренинг өткөрдү. 62 өтүнмөнүн ичинен 17 журналист тандалып алынган. Катышуучулардын арасында бардык областтардын ЖМК өкүлдөрү – Нарын, Баткен жана Жалал-Абад областтык борборлорунун, ЭЛТР, 7 канал, «Волна Иссык-Куля» радиосу, TMG, Кабар, Next TV, NUR, Kloop Media жана Азаттык Медиасынын өкүлдөрү болушту. Тренер болуп Balingcat кызматкери жана «T-Media group» башкы продюсери Нурлан Адиев, ошондой эле журналист-иликтөөчү жана «Ali Toktakunovs mediahub» негиздөөчүсү Али Токтакунов чыгып сүйлөштү.

Тренингде катышуучулар журналисттик иликтөөнүн контентин түзүүдө маалыматтарды издөө куралдары, алынган маалыматтарды талдоо, сыпаттоонун эрежелери, сактоо методдору жана далилдерди андан ары пайдалануу жөнүндө билишти. Журналисттер топтордо да, өз алдынча да иштешти.

Интерактивдүү тренингдик сессия учурунда катышуучулар төмөнкүдөй суроолорго жоопторду ала алышты:

  • Журналисттик иликтөө жөнүндө эмнелерди билүү керек?
  • Журналисттик иликтөө башка жанрлардан эмнеси менен айырмаланат?
  • Журналисттик иликтөөнү кантип пландоо керек?
  • Кантип теманы табуу жана гипотезаны түзүү керек?
  • Маалымат булактары менен иштөө;
  • Жергиликтүү жана эл аралык маалыматтар базасы менен иштөө;
  • Сайттардан маалыматтарды издөөнүн жана карта менен иштөөнүн кошумча куралдары;
  • Далилдерди жана фактыларды кантип чогултуу, сактоо жана пайдалануу керек?
  • Иликтөө фактыларын (fact checking) текшерүүнү кантип жүзөгө ашыруу керек;
  • Эл аралык деӊгээлдеги иликтөө кандай болот?
  • Иликтөөдөгү сторителлинг (жаӊы окуяларды издөө жана тынбай айтып, аны адатка айландыруу): кантип кызыктуу кылуу керек?
  • Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча материалдарды кантип даярдоо керек?
  • Журналист-иликтөөчүнүн коопсуздугун кантип камсыз кылуу керек?

Окутуунун жыйынтыгы менен катышуучуларда идея издөөдөн тартып, гипотеза түзүү, ишке ашыуу жана иликтөөлөрдү алдыга жылдырууга чейин журналисттик иликтөөнүн негизги этаптары жөнүндө так түшүнүк пайда болду. Тренингдин аягында катышуучулар өздөрүнүн идеяларын жеткире иштеп чыгышты жана келечектеги иликтөөлөр үчүн план иштеп чыгышты. Иликтөө журналистикасы боюнча эл аралык эксперт катышуучуларга онлайн форматында эл аралык деӊгээлдеги изилдөө кандай болорун жана кандай эл аралык стандарттар бар экендигин айтып берди, ошондой эле иликтөөнү сторителлинг аркылуу кантип кызыктуу кылуу тууралуу кеӊештери менен бөлүштү.

Тренинг кыргыз тилинде өттү. Бардык катышуучуларга иликтөө журналистикасы боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаттар тапшырылды. Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Журналисттик иликтөөлөр фонду» КФ тарабынан «Региондук иликтөө журналистикасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.