«Журналисттер дээрлик суткалап иштешет, ал эми туруктуу стресс эмоционалдык жактан жабыркатат жана бул каатчылыктан чыгууга ар дайым эле мүмкүн боло бербейт»,деп «Kaktus Media»-нын журналисти Айдана Абдуваитова бөлүшөт.

2020-жыл Кыргызстан үчүн ар түрдүү окуяларга бай болду: пандемия, социалдык чектөөлөр жана туруксуз саясий абалдар. Журналисттер дарыгерлер жана коргоо органдары менен бирге алдыӊкы катарда күрөшкөндөрдүн бири болду. Алар чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүштү жана кыйын учурда элди коргоо үчүн туруп беришти. Албетте, бул окуялардын кесепеттери алардын менталдык жана эмоционалдык саламаттагына таасирин тийгизди.

Марттын аягында Медиа Полис Институту «Сорос-Кыргызстан» Фондунун финансылык колдоосу менен «Журналисттердин эмоционалдык жабыркоосу менен иштөө» тренингин өткөрдү. Үч күндүк көчмө иш-чарага Кыргызстандын ар кайсы регионунан ЖМКлардын 25 өкүлү «Ашуу» конок үйүнө чогулушту.

Психолог-тренер жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) «Психология» кафедрасынын доценти Елена Костерина жана БААУнун магистранты Жибек Кенжебаева катышуучуларга эки күндүк психологиялык тренинг өткөрдү.

«Өткөн жыл журналисттер үчүн психологиялык жана эмоционалдык жактан катаал болду. Коронавирус пандемиясы, карантин, Кыргызстандагы саясий окуялар, аныксыздык – мунун баары биз кааласак, каалабасак да таасирин тийгизбей койбойт», – деп өзүнүн тыянактары менен бөлүшөт «Полтиклиника» басылмасынын редактору Дилбар Алимова.

Биринчи күнү катышуучулар «жабыркоонун» маанисин аныкташты, ага катышкандарга тест жүргүзүлдү, алдын алуу, үстөлдө йога жасоо, баамдоо жана кабыл алуу жөнүндө интерактивдүү билдирүү методдорунун обзорун жасашты.

«Мындай тренингге катышуунун өзү катышуучулар үчүн жабыркоону токтотууга карата кадам, анткени өзүнө кам көрүү өзгөчө стресске жана адамдар менен тыгыз иштешүүгө байланышкан кесиптин өкүлдөрү катары журналисттер үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнүн зарыл бөлүгү болуп саналат. Катышуучулар тренингди биз пландагандан дагы кыйла жандуу жана жемиштүү кылууга жардам беришти, аудитория менен иштөө – бул ырахат алуу. Журналисттер туш болушкан кыйынчылыктарды бир жолку тренинг менен чече албасак дагы, бул эки күндүн ичинде ой-жүгүртүү үчүн көптөгөн азыктарды алып чыктык», – курстун тренери Елена Костерина.

Экинчи күнү катышуучулар жеке максаттарын, баалуулуктарын жана алардын тандап алган кесиби менен болгон байланышын аныктоонун үстүндө иштешти жана өзүнө жардам берүү көндүмүн окушту.

«Семинар абдан жемиштүү болду. Бизди (ар түрдүү редакциянын журналисттери) ушунчалык кыска мөөнөттө эмоционалдык жабыркоодон арылууга жардам берүүчү практиканы окутууга аракет кылышты. Бул жашоого жана иштөөгө тоскоолдук жараткан иштиктүү эмес ойлорду кантип жөнгө салуу жөнүндө жана эмоцияны кантип башкаруу жөнүндө жана көптөгөн башка маалыматтар жөнүндө», – деп жазат «Апрель» телеканалынын журналисти Юлия Кулешова.

Катышуучулар өзүнүн стресске туруктуулук деӊгээлин гана көтөрүүгө машыкпастан, жумуштагы кымгууттан жана шаардын ызы-чуусунан эс алышты. Бошоӊдотуу программасы абдан натыйжалуу болду: катышуучулар атка миништи жана арт-терапия менен алектеништи.

«Биз медиация техникасын, арт-терапияны пайдалануу аркылуу стресс менен кантип күрөшүүнү гана үйрөнбөстөн, убакытты да таза абада сонун өткөрдүк, атка миндик, бирге отуруп кызыктуу тасмаларды көрдүк», – деп Дилбар Алимова Facebook баракчасына өзүнүн таасирлери менен бөлүшөт.

Катышуучулар ошондой эле карьералык мезгилинде башынан өткөргөн катаал окуялар менен бөлүшөт. Бул учурду катышуучулардын бири Юлия Кулешова мындайча белгилейт:

«Бул семинардагы эӊ маанилүүлөрдүн бири – башка редакциядагы кесиптештердин аӊгемелери болду. Жетер чекке сен гана жетпестен, башкалар дагы ушундай же буга окшош абалда экенин түшүнгөндө, сени сындыргандай окуялар жөнүндө укканда гана сен жалгыз эмес экениӊди түшүнгөндөй болосуӊ, сенин редакцияӊда гана эмес, бардык редакцияларда ушундай экендиги тууралуу ойлор (же ушул сыяктуу башка ойлор) журналисттердин көпчүлүгүн кайгыга салат».

Иш-чаранын аягында катышуучулар убакытты жакшы өткөргөнгө жардам бергендиги үчүн, баарынан эӊ зарыл болгон өзүн жана кесибин сүйүүгө жардам бергендиги үчүн уюштуруучуларга өзүнүн кубанычын жана ыраазычылыгын билдиришти.

«Өткөн жылы журналисттерге болгон суроо-талап кайрада жогорулады. Биздин акыркы машыгуу биздин ишибизге болгон сүйүүбүздү бекемдеди! Колдоо, шыктандыруу жана кеӊештер үчүн уюштуруучуларга рахмат!» – деп жазат «Азаттык үналгысынын»‎ алып баруучусу Айгерим Акылбекова.