«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Демократиялык башкаруу» программасынын алкагында демократиялык процесстерге жарандык активдүүлүк жана катышуу демилгелерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жана бейөкмөт уюмдары үчүн «Жарандык катышуу долбоорлору» гранттык конкурсун жарыялайт.

Кыргызстан саясатта, экономикада, социалдык турмушта, маданиятта жана башка тармактарда көп кырдуу өзгөрүү процесстерин баштан өткөрүүдө. Кыргызстан көз карандысыздык алгандан тартып ар дайым демократиянын принциптерин карманып жана аталган өзгөрүү жана башкаруу процесстерине жарандарды активдүү тартып келген; жарандар үзгүлтүксүз түрдө жеринде дагы, өлкө масштабында дагы өзүнүн ролун далилдеп келишкен жана дадилдей беришмекчи.

Жакшы башкаруу – тактап айтканда, адилеттүү, билимдүү, жоопкерчиликтүү, демократиялуу башкаруу – көптөгөн элементтерден турат, бирок алардын эӊ маанилүүсү – бул бийлик кызмат кылган жарандардын активдүү, туруктуу жана ар түрдүү катышуусу. Өздөрүнүн демилгелери, идеялары, сын-пикирлери, баарлашуу жана көптөгөн башкалар аркылуу жарандар бир эле убакта:
а) бийликтеги өзүнүн өкүлдөрү менен кызматташат,
б) аларга өздөрүнүн талаптарын жана сын-пикирлерин билдирет,
в) кыйла жагымдуу жана азыраак көйгөйлүү жашоо шарттарын түзүшөт.
Мындай активдүү катышуу аркылуу жарандар өздөрүнүн демократиялык башкаруусун түзүшөт.

Долбоордун максаты:

«Жарандык катышуу долбоорлору» гранттык конкурсу демократиялык баалуулуктарды карманууну бекемдөөгө, жарандардын башкаруудагы (улуттук жана жергиликтүү деӊгээлде), коомдук турмушта жагымдуу шарттарды аныктоодогу жана түзүүдөгү ролун күчөтүүгө, жана орток кызыкчылыктар үчүн жарандардын өз-ара уюшуу жана өз-ара жардам көрсөтүү маданиятын жайылтууга  мүмкүндүк берүүчү жарандык активдүүлүктү жана демилгелерди колдоого багытталган.

Конкурстун тематикалык алкактары:

Конкурска берилген долбоорлор мазмуну боюнча ар түрдүү чөйрөлөрдө – билим берүү, маданият жана искусство, укуктук-саясий, экологиялык ж.б. – болушу мүмкүн. Бирок ар бир долбоордун максаты демократиялык принциптерди жана өзүн өзү башкарууда жарандык катышууну күчөтүүгө салым кошуусу маанилүү.

Долбоорлор алкагында өлкөнүн жана жериндеги тиешелүү бийлик органдары менен кызматташуу элементтери болушу мүмкүн, бирок милдеттүү эмес.

Долбоорлордун мүмкүн болгон, бирок милдеттүү эмес, тематикалык багыттары жана формалары:

  • бийлик институттарынан көз карандысыз альтернативдик институттарды, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү, башкаруу жана башка жалпы кызыкчылык маселелерин талкуулоонун аянттарын түзүү;
  • жергиликтүү жана/же мамлекеттик башкаруу процесстеринде жарандык тартылуунун деӊгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана өткөрүү, мисалы, өнүктүрүү долбоорлорун, бюджеттерди, мыйзамдык актыларды ж.б. талкуулоо аркылуу;
  • өлкөдө жарандардын арасында маанилүү коомдук процесстерди жана окуяларды түшүнүү жана сындуу ой-жүгүртүү деӊгээлин жогорулатуу боюнча натыйжалуу, жаңычыл өнөктүктөрдү ишке ашыруу;
  • бийлик институттарынын жана алардын өкүлдөрүнүн жарандарга карата жоопкердүүлүк, ачыктык жана көмөктүүлүк деӊгээлдерин күчөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.

Бардык зарыл болгон уруксаттар, тиешелүү органдар менен болгон координация, коопсуздук чараларын жана эрежелерди талаптагыдай сактоо долбоордук өтүнмөлөрдүн ажырагыс бөлүгү жана өтүнмө берүүчүнүн жоопкерчилиги болуп саналат.

Катышуучулар:

Конкурска төмөнкүлөр катыша алышат:

  • Жеке жактар (жарандардын демилгелүү топтору);
  • Юридикалык жактар (бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдар).

Тандоо критерийлери:

Сунуштар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

  • жарандардын жана коомчулуктук демократиялык катышуусунун жана активдүүлүгүнүн багыттуулугу;
  • коомчулукта жарандардын өз алдынча уюштуруусун жана өз ара жардам көрсөтүүсүн жогорулатууга салымы;
  • коюлган максаттардын жана милдеттердин айкындыгы жана реалдуулугу;
  • сунушталган демилгенин негиздүүлүгү жана суроо-талаптуулугу;
  • долбоордун туруктуу жетишкендиктеринин жана узак мөөнөттүү натыйжасынын потенциалдары;
  • автордун – долбоордун жооптуу адамынын квалификациялуулугу жана жоопкерчиликтүүлүгү;
  • долбоордун 3 айдын ичинде аткарылышы (тиешелүү иш-чаралар планы);
  • суралган бюджеттин негиздүүлүгү жана реалдуулугу.

Ошондой эле, төмөнкүлөр эске алынуусу зарыл:

  • Маӊызы сатып алуу сыяктууларды гана түзгөн долбоорлор кабыл алынбайт;
  • Сыйакыларды же башка накталай сыйлыктарды/иштеген адамдардын ишине төлөөнү караган долбоордук бюджеттер кабыл алынбайт;
  • Кандайдыр бир топтогу адамдарды потенциалдуу түрдө басмырлаган долбоорлор кабыл алынбайт;
  • Кыска мөөнөттүү күнүмдүк-турмуштук маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлор кабыл алынбайт.

Конкурстун шарттары:

  • Долбоордук сунуштар кыргыз же орус тилдеринде дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, күн сайын, 2021-жылдын 27-майына чейин (15.00гө чейин) кабыл алынат;
  • Юридикалык жактар үчүн гранттын максималдуу суммасы 10 000 АКШ долл.;
  • Жеке жактар үчүн гранттын максималдуу суммасы – 3 000 АКШ долл.;
  • Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү – жеке жактардын долбоорлору үчүн 3 ай, юридикалык жактардын долбоорлору үчүн 6 ай;
  • Гранттык конкурстун жалпы бюджети – 80 000 АКШ долл.;
  • Долбоордук сунуштар кайтарып берилбейт жана рецензияланбайт.

Долбоордук сунуштады кабыл алуунун жана тандоонун жол-жоболору:

  • Юридикалык жактар үчүн! – Долбоордук сунуштар (Өтүнмө жана Бюджет) СКФ гранттык өтүнмөсүнүн формасына ылайык жазуу жана электрондук түрдө жол-жоболоштурулууга тийиш.
  • Жеке жактар үчүн!Өтүнмөнүн атайын формасы жазуу жана электрондук түрдө
    жол-жоболоштурулууга тийиш.
  • Электрондук түрдө толтурулган өтүнмөнү жана бюджетти бир кат менен applications@soros.kg электрондук дарегине жиберүү, ал эми жазуу жүзүндө – чапталган конверт аркылуу 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-А дареги боюнча, «Сорос-Кыргызстан» Фондуна «Жарандык катышуу долбоорлору» конкурсуна» белгиси менен жиберүү зарыл.
  • Толук толтурулбаган жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт.
  • Региондордон долбоордук сунуштар көрсөтүлгөн мөөнөттө СКФга келип түшүүсү үчүн жазуу жүзүндө чабарман аркылуу, же болбосо почта аркылуу алдын ала жиберилүүсү керек.

Байланыш жактар:

Эмилбек Джураев – «Демократиялык башкаруу» программасынын директору

тел.: (312) 66-34-75 кошумча 133

emilbek@soros.kg

Баглан Мамаев – «Демократиялык башкаруу» программасынын координатору

тел.: (312) 66-34-75 кошумча 104

baglan@soros.kg