Чакан шаарда типтүү хрущевка үй. Китеп жыйналган шкаф, стол, керебет. Какжыраган алкактын ары жагында чоӊ дүйнө. Тоо, өзөн, ГЭС жөлөгүчтөрү. Ата-энеси эртеден кечеке чейин баш көтөрбөй иштеп, өлкөнү көтөрүүдө. Беш жылдын артынан беш жыл.

Биринчи маараке – 10 жыл.

– Мына сен чоӊойдуӊ, Максат. Бизден жакшы бол!

Атасы нөөмөттөн Белек алып келди. Жоон, томпок көздөрү менен кичинекей кутуча. Мындан эмне пайда? Андан көрө велосипед болсо жакшы болмок.

Атасы эскирген пиджак менен, апасы майрыйган туфли менен – кичинекей ашканада сушка (кургатылган таттуу нан) менен чай ичип отурушат. Чайнекте карагаттын жалбырагы. Терезенин ары жагында кызарган күн. Белек столдо жатты. Аны колго алуу коркунучтуу.

– Мына бери карасаӊ! Бул жерде сүрөт! – деди мугалими Максатка, никотинден саргайган сөөмөйү менен аппараттын айнек терезесин көрсөтүп.

– Кана кайдагы сүрөт? – Максат шыбырап, бир көзүн жүлжүйтүп.

Сабактан кийин фотоийримге беш бала катышат, экөөнүн өзүнүн фотоаппараты бар.

– Мына эчки баратат, эчкинин мүйүзү бар. Ал каякка баратат? – мугалим бир кызыктай суроолорду берет. Ал Эмгек гезитинде иштеген, мезгилдүү басма сөздү сүрөткө тартчу.бул жерде эчкинин кандай тиешеси бар?

Көптөн күткөн тоого сапар алышты. Классташтар жасанып кийинишкен, кыздар чачтарын өрүп, кызыл бантик тагынышкан. Максат күндөлүк керектөөчү акчаларын үнөмдөп, пленка сатып алган, ар бирине портрет керек.

Тоодо, тоонун этегинде, өзөндө, өзөндүн ары жагында, ары жагында таӊ атса, бул жакта күн батат, гүл кармап жана чөптүн арасында, бирөө кадрды караса, башкасы жанынан өтүп баратат, кыздар журналдагыдай буттарын коюп, колдорун иреттейт. Ах, кандай бакыт – класста фотограф болгон!

36 Кара чарчы. Бир дагы сүрөт жарабай калды. Бир Чарчы Малевичтики, эки, үч, отуз алты.

– Мындан ары силерди сүрөткө тартпайм! – классташтарынын капаланган сөздөрүнө жооп берип кыйкырып . – Эч качан-эч качан тартпайм!

– Мына эчки баратат, эчкинин мүйүзү бар. Ал каяктан келе жатат? – мугалим калып калбастан. Бөлмөдө лампанын кызыл жарыгында сыйкыр болуп жатты – ак баракка кара тактар түшүп жатты. Ачык асман, карарган тоолор, ура! Кара жолтой эчки экөө болуп, үчөө болуп көрүндү, эчкинин мүнөзү чатак.

Балалыктагы башкы окуя – Ленинградга болгон сапар. Класс менен экиден кол кармашып, ынтымактуу катар менен Невскийге – чырк, Эрмитажда – чырк, театрда – чырк, зоопаркта – чырк.

Көк көйнөкчөн классташ кызын байкатпастан – чырк эттирди.

– Максат, мага дагы ушундай сүрөт!

– Мага дагы!

– Мага дагы!

Ар биринин эстеликке сүрөт албому бар. Анда балалык, бакыт, өмүр.

Мектептен кийин убакыт өзүнүкүн алат – турмуш-тиричилик, убаракерчилик. Беш жылдык бүттү, жаӊы бурулуштар башталды.

– Сени сүрөткө тартат деп уктум. Кызымдын үлпөт тоюн тартып бересиӊби? – деп сурады бири.

– Дагы деле сүрөткө тартып жүрөсүӊбү? Андан көрө жакшы жумуш таппайсыӊбы? – деди экинчиси.

– Сүрөткө тартканыӊ жакшы болду! Биздин чоӊ апа, чоӊ аталарыбыздын жүзүн ким тартат эле… – деп, кубаттады үчүнчүсү.

Мына эчки баратат, эчкинин үстүндө чагылгандуу жаан. Эчкини ким сактайт – камерасы менен адам өзүнө суроо берет.

Максаттын маӊдайын ак аралаган, аны атына кошуп «байке» дешет. Ал камерасын алып тоолуу жерлерге жөнөйт, тааныш пейзажга жылмайат. Аксакал бак сугарат – чырк, аял уй саайт – чырк, кыз эшекке минип жатат – чырк. Ар бир кадрдын артында тарых, ар бир сүрөттүн артында өмүр бар.

Жактыруучу көргөнүн тартат, кесипкөй тартканын көрөт.

– Максат байке, сиз муну кантип кыласыз?

– Билбейм, балким, иштин баары эчкиде чыгар…

___________________________________________________________________

«Сорос-Кыргызстан» Фонду ар түрдүү чөйрөдөгү жана багыттагы иштерде кесипкөйлөрдү колдойт. «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «ЖМКларды өнүктүрүү» программасы көз карандысыз ЖМКларды жана медиасабаттуулукту өнүктүрүүгө сөз эркиндигин илгерилетүүгө жана медиа чөйрөсүндө мыкты тажрыйбаларды жайылтууга көмөк көрсөтөт

«Кыз жана эшек. Фатима менен мектепке карай жол» материалы, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен фотограф Максат Осмоналиев тарабынан даярдалган, коомдук резонансты жана региондордо билим алуу темасында талкууну жаратты. Фотограф бир үй бүлөнүн мисалында балдар билим алуу үчүн кыйынчылыктар менен кантип күрөшүп жаткандыгын көрсөткөн.

«Кыргызстандын региондорундагы балдар эрте жоопкерчилик алышат. Алар окушат, чарба менен алектенишет, туугандарына жардамдашат

Эгерде алар алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде жашашса же өздөрүнүн дээрлик бардык убактыларын үй жумуштарына жана улууларга жардам берүүгө жумшоого аргасыз болушса, анда билим алууга жеткиликтүүлүк болбойт же билим алууга аракеттенүү менен чоӊ кыйынчылыктарга туш болушат. Ошондой эле көбүндө социалдык коргоого жана жакшы тамактанууга жетүү көйгөйлөрү бар».

Орус тилиндеги тексттин автору: Диана Светличная.
Кыргыз тилине которгон: Нурзат Асанбекова.

Сүрөттүн автору: Максат Осмоналиев.