Ачык терезеден жасминдин жыпар жыты буркурайт. Ак, түктүү бадал өзүнүн оор бутактары менен термелип, текчени ургулап, көңүл бурууну талап кылат.

– Эмне мынча чыр саласың? Сенсиз деле мага жаңжал жетиштүү! – жоолук салынып, резинка колкап кийген аял чакадагы боз чүпүрөктү чайкап. Чүпүрөктү швабрага киргизип, аны менен тегиз эмес линолеумду жууйт. Аялдын каштары көздүн ортосундагы маңдайына чогулуп, көздөрү күңүрт көгүш. Аялдын муундары калчылдап, башы айланат. Ал эртең мененки таасиринен чыга албай, өзү менен өзү сүйлөшөт.

– Бул жактан кетип каякка барасың? Кимге керегиң бар? – деди аял пол жууган швабрага, ичке эриндерин кымтып. Айылдык швабра унчукпайт, аял монологун улантат.

– Кичинесинде мышыктын баласы сыяктуу баары жакшы, чоңойгондочу – сенек жүктөй моюнга илинет, таш менен азаптын түбүнө тартат! – аял үнүн бир аз өзгөртүп, кимдир бирөөнүн речин кайталайт.

– Бул балага эмне жабыштың да калдың? Аны карачы! Карасаң! Дени сак адам менен кайгыга батпайсың, өзүң жөнүндө унутасың, дүйнө кыдырасың. Оорулуу мененчи? Ал эч нерсени түшүнбөйт, сенин жабыр тартканыңды баалабайт дагы! Жолуң көз жашка толот, эркегиң болсо качып кетет, буга күмөн санабай деле койсоң болот! Башыңды көкүрөгүнө жөлөбө, көнүп алба! Бир жума ыйлайсың, бир айдан кийин унутасың. Жаңы, нормалдуусун төрөп аласың. Мына барак, баш тартарыңды жаз.

Кир суу чүпүрөктөн чакага агып жатат, ийүлүүчү таштандыларды оройт, чүпүрөктү жалаяк сымал бүктөйт. Калтыраган колдорунда көрүнбөгөн куурчак бардан бетер кайчылаштырат. Алдында поезд бараткан сыяктуу бүдөмүк картина жатат: бир аз ачылган кызгылт эриндери, жаагында калы, көздөрүндө нур чачырайт.

– Балдар үйүндө аларга жаман эмес. Анда аларды карашат, анда бала багуучулар бар, анда алар бардыгы бирдей. Аларга бирге көңүлдүүрөөк. Ыйлаба… Мен сага айткам – бала төрөлгөнгө чейин керебет сатып алуу жаман ырым деп. Эмне үчүн мындай болгонун эми ким айтып бере алат. Балким кимдир бирөөнү таарынткандырсың, балким сени бирөө каргаган чыгар. Бул ушундай ажырата албай тургандай иш.

Жуучу каражаттар көздү жейт, көздөн жаш агызат, кол кап менен сүртө албайсың. Аял чаканы көтөрүп, сууну алмаштырганы жөнөйт. Шамал терезенин алкагынан согот, ал жасминдин бутагын сындырып жабылат.

– Вера Ивановна, биз палатаны жуудук, дауна менен бөбөк каякта төрөлдү? – караңгы коридордон үн чыгат.

– Өзүң дауна! – деди Вера Ивановна тиштенип, колуна швабраны бек кармап. Төрөт бөлүмүнүн коридорунун дубалдары ичкерип, кысылууда. Бышактап жибербөө үчүн Вера Ивановна жаалданып пол сүртүүдө.
_______________________________________________________________

Майыптыгы бар миңдеген кыргызстандыктар күн сайын дени сак жарандар тарабынан басмырлоого жана жаман мамилеге кабылышат. Дарыгерлер майыптыгы бар балдардын ата-энелерине кайгылуу келечекти сүрөттөп беришет жана мындай балдарды атайын мекемелерге калтырууну сунушташат. Өнүгүүсү кеч калган балдарды көп учурда таштап кетишет, бөлүп коюшат.

Адистештирилген интернатка майыптыгы бар балдарды бөлүү жана жайгаштыруу – өткөн мезгилдин калдыгы. Бүгүнкү күндө адам өмүрүнүн баалуулугу түшүнүгү келүүдө, майыптыгы бар балдарды үйдө багуу, ошондой эле социалдаштыруу жана коомго кошуу мыкты натыйжаларды берерин тажрыйба көрсөтүүдө. Буга аракеттенүү керектиги түшүнүктүү болду.

Бирок, Кыргызстанда мурункудай эле социалдык кызматкерлер жетишпейт, майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин көп учурда таянары жок, жумушка орношуусу кыйын, алар акча табуу менен балага өзгөчө кам көрүүнүн ортосунда чуркоого аргасыз.

«Абигелдин төрөлүшү менен биздин үй бүлөнүн жашоосу толугу менен өзгөрдү. Мен депрессияда болдум, менин балам Дауна синдрому менен төрөлгөнүн дароо мойнума ала алган жокмун. Бирок менде колдоо болду – жолдошум бардык түйшүктү өзүнө алды жана мени жөн гана депрессиядан чыгарды. Бир канча убакыттан кийин өзүмө келдим, көптөгөн нерселерди башкача өңүттө карап калдым», – дейт «Сантерра» фондунун жетекчиси Дина Эшалиева.

«Мен, майыптыгы бар балдардын ата-энелери эмнени сезерин билем, алдардын коркунучтары мага тааныш. Биз бардык убакта балдар үчүн: эртең аларга эмне болот, биздин жардамыбыз жок кантип жашашат? – деп тынчсызданабыз», – дейт Дина.

Анын айтымында жолдошу экөө майыптыгы бар балдардын үй бүлөлөрүнө аларды кемсинтпетсен жардам берген ушундай демилгени ойлоп табууну каалашкан.

«Бизге аёонун кереги жок, бизге: бул акчаны алыңыз, сиздин балаңыз ушундай да, – деп бир нерсе берүүнүн кереги жок. Жок, майыптыгы бар көптөгөн балдар толук иштөөгө жөндөмдүү, алардын ата-энелери иштөөгө муктаж. Биз бул жөнүндө көпкө чейин ойлондук жана «Solomon Sandwiches» кафесин ойлоп таптык, биздин кафеде майыптыгы бар адамдар жана мындай балдардын ата-энелери иштешет».

Динанын айтымында өзү жөнүндө билдирүү, өзүнүн кафесине көңүл бурдуруу оңой болгон жок, бул үчүн ага «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда Кыргыз программалык камсыз кылууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясы демилгелеген «50 миң программист. Бир үй бүлө – бир программист» долборуна катышуу жардам берген. Жаңы мезгилдин кесиптерин өздөштүрүүнү каалагандар, бирок коммерциялык негизде өз окуусуна төлөөгө финансылык мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн социалдык долбоор: programmer.kg

«Бул программадан тышкары SMM боюнча үч айлык курстар болгон. Мен социалдык тармактарга анчалык деле кызыкчу эмесмин, алдыга жылдыруу тууралуу эч нерсе билчү эмесмин, бирок бүгүн мунсуз болбой тургандыгын түшүндүм. Бизде жарнамага акча жок болсо, өзүбүз жөнүндө кантип билдирмек элек? Ошентип мен окууга жөнөдүм. Үч айдын ичинде мүмкүн болбогон нерсе болду. Биздин инстаграмдагы баракчабызга 10 миңден ашык адам катталды, биздин кафе жөнүндө билишти, бизге келип башташты, бизден тамакка буйрутма берип башташты!» – дейт Дина.

Динанын айтымында жолдошу экөөнүн иши жүрүшүп жатканына, аларды сонун адамдар курчап турганына, алар биргелешип пайдалуу иш кылып жатканына абдан сыймыктанат.

«Биз токтоп калбайбыз. Мээден жана башка оорулар менен жабыркаган балдардын жумушу бар болгону кандай сонун! Алар аны сүйүү менен жасашат. Биздин кафеге келиңиз, муну өзүңүз көрөсүз», – дейт Дина.

Инстаграмда  «Solomon Sandwiches» баракчасы  бул жерде.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалыматтык программасы эки багыттагы долбоорлорду колдойт:

Маалыматка, билим алууга жана мамлекеттик маалыматтарга карата ачык жетүүнү.

Балдардын жана жаштардын арасында информатиканы жана прораммалоону үйрөтүүнү жайылтууну.

 

Орус тилиндеги тексттин автору: Диана Светличная.
Кыргыз тилине которгон: Нурзат Асанбекова.