//Гранттар боюнча FAQ
Гранттар боюнча FAQ2019-05-31T19:25:01+06:00

Гранттар боюнча FAQ

Урматтуу грант алуучулар!

Бул бөлүктө сиздер гранттык долбоордун ишмердүүлүгү тууралуу каржылык отчет түзүү маалында эске ала турган негизги мыйзамдар жана Өкмөттүн токтомдору менен тааныша аласыздар. Ошондой эле, бул бөлүктө көп бериле турган суроолорго жоопторду да таба аласыздар.

Өнөктөш долбоорлор менен иштөө

Өкмөттүк эмес уюмдардагы бухучет

Гранттык ишмердүүлүктүн укуктук негиздери

«Айлык маяна боюнча чыгымдар» беренеси:

  • «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар комитетинин 2009-жылдын айлык акысынан киреше салыгын бөлүү үчүн бир айлык кирешенин эӊ аз эсептеги өлчөмүн бекитүү жөнүндө буйругу

КР Салык кодекси:

“Иш сапарлары” беренеси:

  • КР Ѳкмѳтүнүн “Иш сапары чыгымдарынын ченеми жана алардын ордун толтуруу тартиби жѳнүндѳ” Токтому
  • КР Ѳкмѳтүнүн “Иш сапары чыгымдарынын ченеми жана алардын ордун толтуруу тартиби жѳнүндѳ” Токтомунда колдонулган түшүнүктѳрдүн түшүндүрмѳлѳрүн берген эмгек кодексинин кѳчүрмѳлѳрү

Фонддун гранттык ишмердүүлүгү тууралуу көп бериле турган суроолор

1. Долбоордо каралган жабдыктарды, канцтоварларды жана башка материалдарды базардан сатып алууга уруксат берилеби?2019-05-31T20:13:05+06:00

Жооп: Жабдууларды сатып алуу учурунда ФСКнын грантты колдонуу шарттарында жана талаптарында кѳрсѳтүлгѳн Жабдууларды сатып алуу жана колдонуу тартиптерине таянуу керек («ФСКнын грантты колдонуу шарттарын жана талаптарын» караңыз).

Эгерде долбоордун алкагында каралган керектүү материалдар дүкѳндѳ жок болсо, анда канцтоварларды жана башка материалдарды базардан сатып алууга уруксат берилет. Товарларды базардан сатып алган учурда “Сатып алуу актын” отчетто кошо берүү керек. Анда тѳмѳндѳгү пункттар сѳзсүз толтурулушу керек: базаркомдун мѳѳрү, сатуучунун патентинин кѳчүрмѳсү же патенттин номери, патентти берген салык инспекциясынын райондук бѳлүмүн камтыган патенттин жарамдуу мѳѳнѳтү. Тѳмѳндѳгү саптар сѳзсүз толтурулушу керек: Акча тѳлѳдү, Акча алды, Суммасы сѳз менен жазылышы керек.

Эскертүү: Бардык алынган товарларга жана кеткен материалдарга Эсептен чыгаруу акты түзүлүшү керек.

1. Грантты каржылоо кандай валютада жүргүзүлөт?2019-05-31T20:12:53+06:00

Жооп: Гранттык долбоорду каржылоо сом түрүндө Фонд каражаттарды которгон күндөгү банктык курстун эсебине жараша ишке ашырылат.

2. Долбоор боюнча чыгымдарды жасоо үчүн кандай валюталык курсту алуу керек?2019-05-31T20:13:11+06:00

Жооп: Гранттык чыгымдарды сарптоо сом менен жүргүзүлѳт, аны менен бирге эле, чыгымдарды эсептѳѳ жана каржы отчетун түзүү үчүн Фонд тарабынан каражаттар которулган күндѳгү курсту колдонуу керек.

2. Грант алуучулар менен эсептешүү үчүн каржылоонун кандай формасы кабыл алынат?2019-05-31T20:12:59+06:00

Жооп: Грант алуучу менен эсеп жүргүзүүдѳ ФСК эсеп жүргүзүүнүн накталай эмес формасын колдонот. Гранттар боюнча эсептѳѳлѳр Грантты берүү жана колдонуу жѳнүндѳгү келишимде кѳрсѳтүлгѳн алардын эсептик счетторуна акча каражаттарын которуу жолу менен (эгерде грант бѳлүнгѳн программа үчүн каржылоонун атайын процедурасы аныкталбаса), Грант алуучунун Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарлары жана кызматтары үчүн берилген эсеп счетторун тѳлѳѳ жолу менен, ошондой эле, Грант алуучуга Акт менен товардык-материалдык баалуулуктарды ѳткѳрүп берүү жолу менен жүргүзүлѳт.

3. «Сорос-Кыргызстан» Фонду банк кызматтарын төлөйбү?2019-05-31T20:12:29+06:00

Жооп: Банктын кызматтары грант алуучунун гранттык каражаттарынан төлөнөт. Финансылык отчетто алар «Административдик жана башка тикелей чыгымдар» статьясында көргөзүлүшү керек.

3. Күнүмдүк чыгымдарды канчалык ѳлчѳмдѳ тѳлѳѳ керек?2019-05-31T20:12:15+06:00

Жооп: Күнүмдүк чыгымдар гранттык долбоордун бюджетинде бекитилген суммага ылайык тѳлѳнѳт. Ошондой эле, күнүмдүк чыгымдардын нормативдерин аныктаган  КР Ѳкмѳтүнүн 12.10.2001 ¦ 635 Токтомун кароо керек. Токтомдо кѳрсѳтүлгѳн нормадан ашык тѳлѳнгѳн сумма айлыкка кошулуп, аша тиешелүү салык тѳлѳнүшү керек.

4. Бир гранттык долбоордун чыгымдарын башка гранттык долбоор үчүн каралган каражаттар менен жабууга мүмкүнбү?2019-05-31T21:19:13+06:00

Жооп: «ФСКнын грантты колдонуу шарттарына жана талаптарына» ылайык, бир гранттык долбоорду башка гранттык долбоордун эсебинен каржылоо мүмкүн эмес.

4. Таксиге кеткен чыгымдар отчетто кароого алынабы?2019-05-31T20:12:10+06:00

Жооп: Жок. ФСК бекиткен нормативдерден (жолго кеткен чыгымдар) жогору болгон чыгымдарды ФСК кабыл албайт.

5. Маяна боюнча эсептѳѳлѳрдү кайсы валютада жүргүзүү керек?2019-05-31T20:12:05+06:00

Жооп: Бардык эсептѳѳлѳр улуттук валютада – сом менен жүргүзүлүшү керек.

5. ФСКнын гранттык каржылоосу үчүн ѳзүнчѳ банктык эсеп ачуу керекпи?2019-05-31T20:11:46+06:00

Жооп: Уюмдар банктан атайын эсеп счетун жана гранттык акча каражаттарынын кыймылы үчүн ѳзүнчѳ кассалык китебин ачуулары керек эмес («ФСКнын грантты колдонуу шарттарын жана талаптарын» караңыз).

1. Өтүнмөнү бекиткен соң жана Келишимге кол койгондон кийин долбоордун бюджетин өзгөртүүгө болобу?2019-05-31T20:12:34+06:00

Жооп:

Эгерде бекитилген бюджеттин ичинде статьялар боюнча жылыштыруулар үчүн зарылчылык келип чыкса, ФСКнын Программасынын атына жазуу түрүндө кайрылуу жиберүү керек, анда бюджеттик өзгөртүүнүн суммасы, өзгөртүүгө дуушар болгон чыгымдардын түрлөрү жана алардын келип чыккан себептери көрсөтүлүшү керек.

(Тиркеме: Гранттык Келишимди модификациялоого кат жүзүндө кайрылуу)

2. Бюджеттин «айлык маяна» статьясын түзүү учурунда бардык салыктарды эске алуу керекпи (киреше салыгы, соц. төлөмдөр)?2019-05-31T20:12:48+06:00

Жооп: Гранттык каржылоонун алкагында чыгымдарды киргизүү Кыргыз Республикасында бекитилген бухгалтердик операцияларды жүргүзүүнүн талаптарына жооп бериши керек. Бюджеттин «айлык маяна» статьясын түзүү учурунда «Мамлекеттик милдеттүү социалдык камсыздандыруу боюнча салык тѳлѳѳчүлѳрдү каттоонун, камсыздандыруу тѳлѳмдѳрүн тѳлѳѳнүн жана каттоонун тартиби жѳнүндѳ инструкциясына», КР Салык кодексинин «Физикалык жактардын киреше салыгынын» 3 Бөлүмүнө таянуу керек. (14-бөлүмдүн 76-б, 84-б, 89-б)

This website uses cookies in order to offer you the most relevant information. Please accept cookies for optimal performance. Ok