Программалар

2021-жылдын январь айынан баштап «Сорос-Кыргызстан» Фонду «Демократиялык башкаруу» жана «Искусство жана маданият» деген жаңы программаларды ачты, алар учурдагы программаларды толуктап турат. «Сорос-Кыргызстан» Фонду Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүү жана акыйкат сот процесси, калктын саламаттыгы, көзкарандысыз маалымат каражаттарын колдоо, инклюзивдик билим берүү жана ар кандай изилдөөлөр сыяктуу маселелерди камтыган долбоорлорду колдойт. Программанын иш-чаралары мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана өзгөртүүгө, калктын аялуу жана маргиналдашкан топторунун укуктарын алга жылдырууга, жарандардын шаарды өнүктүрүүгө жана башкарууга катышуусуна, маалыматка, билимге жана маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле информатиканы жана балдар жана жаштар арасында программалоону жайылтууга, инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү үчүн шарттарды жакшыртууга, көп тилдүү билим берүү тутумун колдоого багытталган.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду өз миссиясына берилген бойдон кала берет жана Кыргызстандагы ачык коомдун өнүгүүсүнө көмөктөшөт. 2021-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фонду 7 негизги программанын үстүндө иштеп жатат. Төмөндө программалардын максаттары жана милдеттери жөнүндө кененирээк окуңуз: