МААЛЫМАТ ПРОГРАММАСЫ

Тармактардагы электрондук окуу китептери, начар көргөндөр үчүн китептердин аудио-форматтары, журналисттик иликтөөлөр үчүн чоң жана ачык маалыматтарды пайдалануу – жаңы санариптик технологиялар жана Интернет адам укуктарын маалыматка жана билимдерге эркин жетүү мүмкүндүгүндө жаңыча ачат.

Маалымат технологиялары билимди, маалыматты жана билдирмелерди дүйнөлүк алмашуунун мурда болуп көрбөгөндөй айкындуулугуна, тездигине, тактыгына жетүүгө мүмкүндүк түзөт. Социалдык тармактар укуктарды, эркиндиктерди жана жарандык пикирлерди алга жылдыруу үчүн кеңири пайдаланылууда. Булардын баары мурда пайдаланылган укуктарды сүрөө боюнча кайсы болбосун ыкмаларга караганда цензурасыз, тез жана арзан.

Кийинки үч жылда Маалымат программасы эки багыт боюнча долбоорлорду колдоону көздөйт:

  • Маалыматтарга, билимдерге жана мамлекеттик маалыматтарга ачык кирүү мүмкүндүгү.

Биз, эгерде билим жана маалымат эркин жана ачык жайылтылса, анда адамдар, уюмдар жана мамлекеттин өзү ачыктык аркылуу мыкты чечимдерди кабыл алып, бир кыйла натыйжалуу болоруна ишенебиз. Ачык маалыматтар жөнөкөй жарандарды суроо бергенге, мамлекеттик ишмердүүлүккө катышууга, ал эми журналисттерге, реалдуу фактыларга жана сандарга негизделген сапаттуу иликтөө жүргүзгөнгө өбөлгө түзөт.

Бул үчүн биз, ачык билим берүүчү ресурстарын өнүктүрүү жана көбөйтүү боюнча долбоорлорду, мамлекеттик органдарга жарандар үчүн маанилүү маалыматтарды эркин ачууга мүмкүндүк түзүүчү долбоорлорду, ошондой эле саясий жана мыйзамдык деңгээлде билимдин, маалыматтын жана билдирмелердин эркиндигин күчөткөн долбоорлорду колдоого даярбыз.

  • Балдар жана жаштар арасында информатиканы жана программалоону үйрөнүүнү оңойлотуп жайылтуу.

Өлкөбүздө инновациялык ишмердүүлүктү жана МТ-тармактарын өнүктүрүү үчүн сапаттуу жергиликтүү программа түзүүчүлөрдү жана МТ-адистеринин көптөгөн санын даярдашыбыз керек. Мектептен эле балдар келечектеги кесип катары техникалык адистикти тандоолорун каалайбыз. Жаштар үчүн МТда кесиптик тажрыйбаларга ээ болуу, экономиканын жогорку төлөнүүчү секторуна тезирээк жумушка орношууга, Кыргызстанда эле жашап, чет өлкөлүк МТ-компанияларына алыстан мүмкүндүк алып иштегенге мүмкүндүк түзөт эмеспи. Биздин максат жакынкы 4 жылда Кыргызстандын беделин МТ-билим берүүдө жогорку деңгээлдеги МТ-аутсорсинг өлкөсү катары жогорулатуу болуп саналат.

Байланыштар:

Лира Самыкбаева
Маалымат программасынын директору,
E-mail: lira@soros.kg

Алтынай Байбачаева
Маалымат программасынын координатору
E-mail: altynai@soros.kg